// //

Жоолук  же карьера?

2018.11.02, 10:18
4169

Жоолук салынуу ар бир айымдын жеке тандоосу жана укугу!

Жоолук айрым учурда аялдардын кесиптик ийгиликтерге жетүүсүнө тоскоолдук кылат.

17 жаштамын. Окууну бүткөндөн кийин юридикалык академиянын прокурор жагына тапшыруу ниетим бар. Жакын арада хиджаб салынам. Кийин окууну бүткөндө, жоолук менен прокуратурага жумушка орношо аламбы? Баары эле ал жакка иштей албай каласың деп жатышат.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

Кыргызстанда мыйзамдар кандай иштээрин билесиз. Дискриминация жок дегени менен, мамлекеттик жумуштардын атайын кызматтык кийимдери бар. “Иштегиң келсе, ошондой жүрөсүң” деп коёт. Айласыздан тандоого барасың. Кийин окууңузду бүтүп, прокуратурага бара турган болсоңуз, алардын шартына баш ийип, кыңк этпей иштейсиз. Бул нерсени “система” деп коёт. Ооба, мыйзамда жок. Бирок тиешелүү тарапка кайрылсаңыз, сизге атайылап айыптарды коюп, жумуштан алып салышат.

Коомчулукта жоолук оронгондор мамлекеттик жумушка орношо албайт деген пикир бар.

3 жылдан бери жоолук салынам. Архитектура жагын бүткөм. Кесибим менен иштеген жокмун. Жакындарым “сени мамлекеттик жумушка албайт дегенинен” издеп, аракет кылбадым. Учурда соода тармагына кирип кеткем. 

Бактыбек Усупбеков, Бишкек шаардык калкты жумушка орноштуруу башкармалыгыны башчысы:

Борборубузда кийген кийими боюнча дискриминацияга алынган учурлар болгон эмес. Жумуш издегендер жоолук салынабы же джинсычан келеби, биз үчүн баары бирдей. Максатыбыз аларды жумушка орноштурууга аракет кылуу. Жоолукчандар мамлекеттик жумушта иштей албайт дегенди уккан эмесмин. Аракет кылып конкурстан өтсө, эч кандай көйгөй жок.

Чынара, окуу бөлүм башчысы:

Жоолукчандар мамлекеттик жумушка орношо албайт деген болбогон кеп. Биздин мектепте оронгон үч мугалим бар. Мектеп формасын кийип, жоолук салынып алышат, эч кандай көйгөй жок.

Гүлмира, медайым:

Бейтапканабызда жоолукчан дарыгерлер, медайымдар көп. Эч кандай тоскоолдуксуз иштеп жүрүшөт. Жумушка кийген кийимге эмес, билимге, тажрыйбага карап алышат. 

Нурислам Раимжанов, юрист:

Аял өз эрки менен ислам динин тутуп, диндеги ишенимдерин сактап, жоолук салынып жүрүүгө  укуктуу. Себеби Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренесинин 3-бөлүмүндө “Ар ким диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу” деп көрсөтүлгөн. Ушул эле берененин 4-бөлүмүндө “Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес” деп айтылат.

Демек, КРнын баш мыйзамы ар кимге диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укук берсе, жоолукчандардын карьерасында же окуусунда тоскоолдук болбошу керек.

Ошондой эле, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинде мамлекеттик кызматкерге жоолук салынып жүрүүгө тыюу салынган эмес. Кодекстин 14-пунктунда “Ишке мас абалында келүүгө же жумуш ордунда спирт ичимдиктерин, баңгизаттарын колдонууга, жумуш ордунда тамеки тартууга, өрт жана санитардык коопсуздук эрежелерин бузууга тыюу салынат” деп жазылган.

Хиджаб - ишенимдин далили жана ушул жагынан гана эске алынышы керек!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт