// //

Экинчи топтогу майыпмын. Мен зекет төлөшүм керекпи?

2020.01.17, 14:10
1434

Саламатсызбы! Мен экинчи топтогу майыпмын. Ден соолугумдан улам иштей албай жүрөм. Апамдын атындагы батирде турам, негизинен мага бериле турчу үй. Эгерде туугандарым аракет кылып мага бир батир алып беришсе, аны ижарага берип, ошол жактан каражат тапсам дегем. Ислам дини боюнча ижарага берилген үйдөн зекет беришим керекпи? Үйдүн баасынан зекетти эсептесем чоң сумма чыгат экен.

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.01.2020, 16:29

Кадыр Маликов

Теолог

Зекет таза киреше 85 грамм алтынга тете болсо берилет. Мисалы, таза кирешеге: тамак-аш сатып алууга, коммуналдык кызматтарга, дарыланууга, үй-бүлөнү камсыздоого ж.б. кеткен чыгашалар кирбейт. Демек, таза киреше чыгашалардын тышкары калган сумма. Таза киреше 85 грамм алтындын баасына жетиши керек.

Мисалы, сиз иштеп акча таптыңыз, чыгашалардан тышкары калган таза киреше доллар же сом менен келсе, мунун баарын алтынга которосуз. Эгер таза кирешенин суммасы 85 грамм алтындын суммасына барабар же жогору болсо, анда бул суммадан зекет беришиңиз керек болот. Мисалы, таза кирешеңиз 5000  доллар болду дейли, бул сумманы 2.5% бөлөсүз, чыккан сумма зекеттин суммасы болуп эсептелет.

Зекетти таза кирешенин суммасы 85 грамм алтындын баасына жетсе же андан жогору болгондо гана төлөйт. Зекет бир жылдык таза киреше эсептелип, жылына бир жолу төлөнөт.

Сиздин учурда зекет төлөбөйсүз. Себеби, ден соолугуңуздун мүмкүнчүлүгү чектелүү жана жумушуңуз жок. Тапкан кирешеңизди өзүңүздүн муктаждыгыңызга: тамак-ашка, дарыланууга, кийим-кечегиңизге жумшайсыз. Андан тышкары, иштебегениңизге байланыштуу, калган сумманы кийинки айга чейин жашоого калтырып коесуз. Анткени ижара ар дайым эле туруктуу киреше бербейт. Жылына тапкан акчаны баары бир өзүңүзгө, туугандарыңызга ж.б коротосуз. Ошондуктан, жалпы суммаңыздан эч нерсе калбайт. Жадакалса, батирди ижарага берүүдөн чогулган акча болсо да, бул чогулган сумма кийинки жылкы жашоого жумшалат. Ошондой эле, сиз бизнесмен же чоң кызматты ээлеген адам эмессиз, ижарага берген батириңизден башка эч нерсе жок, андыктан сизден зекет алынбайт.

Бирок, сиз садака берсеңиз болот. Зекетти бай адамдар төлөйт, ал эми садаканы ар ким бере берсе болот, өзү муктаж болгон кембагал дагы. Садаканы суммасы ар кандай: беш сом же жүз сом болушу мүмкүн, баары кудайдын ыраазычылыгы үчүн. Дагы бир жолу кайталайм, зекет - байлар үчүн салык, таза кирешеси 85 грамм алтындын баасына тең же жогору болгондор гана төлөйт.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт