// //

Турмушка чыкканыма 2,5 жыл болду, дагы деле кошулгандан корком

2020.01.17, 11:33
1982

Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма 2,5 жыл болду. Бардыгы кудайга шүгүр, балабыз бар. Бирок, мен күйөөм менен кошулгандан корком. Ошол учурда катып туруп калам, же болбосо түртүп салам. Айына 1-2 жолу эле кошулабыз, анда дагы “болдубу”, “бүттүбү” – дей берем.  

Мен өспүрүм кезимде жеңем нике түнү жөнүндө айтып берип, бычак менен эле сайгандай болот экен, деген. Ошол сөздөрү эч эсимен кетпейт. Күйөөм барган сайын мага көңүлү сууй баштады.

Эмне кылышым керек? Мага кеңеш бергилечи?

Алдын ала рахмат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.01.2020, 11:34

Наталья Ивахник

Сексолог, психотерапевт

Биринчи жыныстык контакт учурунда бир аз ооруксунуу нормалдуу көрүнүш. Аялдын кынындагы жаңы алган жараттары айыгып, кайра өзүнө келүү үчүн бир нече күн убакыт керектелет.

Психология жагынан ала турган болсок, сизде да күйөөңүзгө болгон ирээнжүү, жактырбоо сезимдери пайда болушу мүмкүн. Анткени, сиздин ан сезимде биринчи жыныстык контакт жагымсыз жана ооруткан нерсе катары калып калды.

Эгер күйөөңөр экөөңөрдүн күнүмдүк мамилелериңер жакшы болуп, жыныстык маселени чечүүдө ачык сүйлөшүп, эмнени каалап жана каалабай жатканыңар менен бөлүшүүгө үйрөнсөңөр, убакыттын өтүшү менен бул маселе өзүнөн-өзү чечилет. Ортоңордо ишеним, түшүнүү пайда болот.

Сизге секстен ырахат алууга өспүрүм курагыңызда алган маалымат тоскоолдук болуп жатат. Башка адамдын тажрыйбасына жана билгенине ишенип, аны жалгыз чындык катары кабыл алып алгансыз.

Менин сизге бере турган башкы кенешим:

  • Башка адамдын пикирине эмес, жеке өзүңүздүн тажрыйбаңызга, оюңузга, сезимдериңизге, каалоолоруңузга таяныңыз. Эгер жашоодо жеке позицияңыз болбосо, башка адамдын ою менен болсоңуз, өмүр бою жетеленме болуп каласыз.
  • Сиз жыныстык катнаш башталганга чейин эле, өзүңүздүн корккондугуңузду, жакпаганын ойлогонго өтө көп убакыт коротот окшойуз. Демек, азыркы учур менен эмес, келер чак жана өткөн чак менен жашайсыз. Коркуу пайда болгондо аң сезимди учурдагы процесске буруңуз. Күйөөңүздү түртүп эмес, ортоңордогу мамиледе эмне жетишпейт, күйөөңүздүн сизге кандай мамиле кылышын күтөсүз? Ушулар туурасында ойлонуп, оюңузду күйөөңүзгө да билдириңиз.

Башка адамдардын тажрыйбасы, аларга гана таандык. Сиздин жашоо бөлөк. Сезимдериңиз жана керектөөлөрүңүз жөнүндө ойлонуп, аларды канааттандырууга аракет кылыңыз. Ошондо секс - бул жаман деген ойду, секс – бул ырахат алуу дегенге алмаштыра аласыз.

Ийгилик!

Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт