// //

Суукта жылаңбаш жүрсө эмне болот? Терапевт жооп берет

2018.11.01, 16:11
2656

Апам кыйнап тумак кийгизе берет. Суукта баш кийими жок жүрсө эч нерсе болбойбу? 

Алим, 14 жашта

Урматтуу досум, суукта колу-бутту эле эмес, башты дагы жылуулоо керек. Албетте, тумак – чач жасалганы бузуп, чачты чаташтырып, кулакчын (наушник) тагынганга ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Ден-соолук үчүн буларга чыдаса болот да, туурабы?

Кел, жылаңбаш жүрсө эмне болоорун карап көрөлү.

- Суукта кулагың сыртта калса - отит, ангина, гайморит, фронтит дартына чалдыгасың. Үйлөгөн муздак желден кулактын ичи-тышы ириңдеп, жаралар чыгат. Эң жаманы укпай калышың мүмкүн.

- Иммунитетиң начарлап, вирус, бактериялар жабышат, инфекциялык менингит менен нерв ооруларына чалдыгасың.

- Баш суукка урунса кан тамырларындагы кан айлануу бузулуп, башка керектүү өлчөмдө кан жетпей, чачың түшүп, курамы бузулат.

- Бат-баттан башың менен тамагың ооруйт.

Ойлонуп калдыңбы?! Бул дагы чети эле, сени коркпосун деп көп ооруларды айткан жокмун. Эми суукта баш кийими жок жүрбөйсүң деп үмүттөнөм. Апаңга айтып дүкөндөн стилдүү тумак сатып ал! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт