Жалгыз бой энемин. Үч балама кантип жөлөкпул алсам болот?
Саламатсызбы! Менин үч балам бар? Балдарыма кантип жөлөкпул алсам болот? Учурда ата-энемдин үйүндө турам. Өзүм жалгыз бой энемин.
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! Сиз 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөгө дайындалган "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулуна документ тапшырсаңыз болот.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун чектөөдө балдардын саны эске алынбайт. Мал жандыктар, үй-бүлөнүн кирешелери, анын ичинде айлык акы, ишкердик кылуудан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер гана эске алынат.
Баладарыңыз менен жалгыз жашасаңыз, жардам берген эч ким жок болсо жөлөкпул берилет. Бирок, сиз ата-энеңиз менен чогуу турат экенсиз. Демек, жөлөкпул дайындоодо алардын тапкан кирешеси эске алынып калат. Айта кетчү нерсе, балдарыңызга алимент алсаңыз, ал да киреше катары эсептелет.
Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 557 700 845 WhatsApp номерине жазыңыз.