// //

Атам "крутой" эмес

2018.11.01, 13:06
3040

Атам менен сыймыктанбайм. Досторунун баары ичкич. Мени себепсиз сабайт, эркелетпейт, сабактарыма жардам бербейт. Кийимдери кир, машинасы жок, досторумдун атасындай "крутой" эмес, телефону да эски. Кээде отургузуп алып акыл үйрөтөт. Бир дагы сөзүн уккум келбейт. Атам мен үчүн авторитет эмес.

Карлыгаш Акимкулова, Психоанализ.кг психотерапия борборунун психотерапевти

Урматтуу жаш окурман! Эгерде 11-17 жашка чейин болсоң, өспүрүм баласың. Азырынча чоң киши боло элексиң, бирок жаш бала дагы эмессиң. Кичинекей кезиңде атаң менен апаңды аябай жакшы көрчүсүң. Алар менен чогуу болуп, кайда барбасын артынан ээрчип жүрсөң керек. Чындап келсе, сен аларсыз жашай алмак эмессиң. Кээде ыйлап, тентек кылып же тескерисинче ата-энеңе жардам берип, алардын көңүлүн өзүңө бурчусуң. Ата-энең сенин жашооңдун өзөгү, башкы адамдары эле. Бирок, убакыт өттү. Сен чоңойдуң.

Сенин боюң, атаң менен апаңдай болуп калса керек. Айрым нерселерди аларга караганда жакшырак билип, жакшырак жасайсың. Мисалы, телефондун сырларын билесиң, компьютерди жакшы түшүнөсүң.  

Эми гана атаңдын кемчиликтерин, туура эмес жасаган иштерин байкай баштадың. Сага тамеки чекпе дейт, бирок өзү чегет, ичпе дейт бирок өзү ичет. Жумушту чала жасадың дейт, бирок өзү эч нерсе кылбайт. Апаң деле кээде жаңылат, кээде туура эмес сүйлөйт. Ата-энең ич ара урушушат, башка туугандар же кошуналар менен тил табыша албайт.

Демек, сен чоңоё баштадың. Демек, сага акыл кире баштады. Жакшы менен жаманды айырмалап, салыштырып, өзүңдүн жеке пикириң калыптанды. Ата-энең бир эле күндө жаман боло калган жок да. Алар башынан эле ушундай болушчу. Болгону, сенин аларга болгон мамилең өзгөрдү. Мурун сенин курсагың ток болсо, анан оюн болсо эле жетиштүү болчу. Азыр бардыгы башкача. Сенде көптөгөн кызыгуулар, суроолор жаралды.

Ата-энеңе сын айтууга убактыңды коротпо. Сен аларды сыйлап гана турушуң керек. Алар өздөрү ушундай жашоону тандашты. Бул атаңдын же апаңдын чечими. Ал эми сен кандай чечим чыгарасың, ал сенден көз каранды. Өзүң үчүн жыйынтык чыгар. Өмүрүңдү башка нукка буруу, татыктуу жашоо сенин гана колуңда.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт