// //

Дин тутууга мажбурласа эмне кылуу керек?

2018.10.31, 10:32
1836

Өзүн мусулманмын деген адамдын агрессивдүү мамилеси жана идеяларын таңуулоосу туурабы?

Саламатсызбы! Сиздерден сурайын дедим эле. Биздин айылда бир адам бар. 5 маал намаз окуйт, күн сайын мечитке барат. Бирок чөйрөдөгүлөргө болгон мамилеси өтө жаман. Качан көрбөйлү агрессивдүү, айтканынан кайтпайт. Жолугуп сүйлөшүп туруп калсак “Динде мындай, сен минтишиң керек, жок андай эмес” деп өз оюн таңуулай берет. Ал туура кылып жатабы? Эмне кылсак болот?

Акимжан ажы Эргешов, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы:

Ар бирибизде тандоо эркиндиги бар жана ага бөгөт коё албайбыз. Кыргызстанда иштеп жаткан шарият мыйзамына ылайык “дин тутушуң керек” деген мажбурлоо жок. Демек, сиз кайсы бир динди тутпай эле жашайм деп чечсеңиз, анда чөйрө, мамлекет же мыйзам келип “дин менен жаша” дей албайт.

Биз өзгөнүн пикирин эске алуу менен мамиле курушубуз керек. Айылдашыңыздын тандоосун “андай кылба” деп күчкө сала албайбыз. Башка бирөөнүн көз карашын да кабылдоо зарыл. Анын позициясы өзүндө, сиздики өзүңүздө калат. Эгер ал кишинин айтып жаткандары сизге жакпаса, оюуңузду ачык билдириңиз.

Эсиңизде болсун, эч ким бирөөнүн укук чегин бузууга акысы жок. Анын жоруктарынан мыйзамсыз бир аракеттерди байкасаңыз, укук коргоо органдарына кайрылыңыз.

Кадыр Маликов, теолог:

Ислам түшүнүктөрүнөн алыс, түркөй, сабатсыз жана дааватчылыктын негиздерин билбеген адам катуу чакырыктарды жасап, оюн таңуулайт. Шарият мыйзамдарына ылайык жумшак түшүндүрүп коюу гана керек, кандай жолго түшөөрүн адам өзү тандайт. 

Нурислам Раимжанов, юрист:

Урматтуу окурман, айылдашыңыздын оюу сизге жакпай жатса, аны укпай эле коюңуз. Эгерде бул аракеттери үчүн чара көрөм десеңиз, эмнелерди айтып жатканына маани бериңиз. Мисалы, Конституциянын 31-беренесинин 4-бөлүмүндө “Улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат” деп айтылган. Эгерде ал оюу аркылуу сизди экстремизмге багыттап, мыйзам бузууга үндөп жатса, укук коргоо органдарына кайрылыңыз.

Ошондой эле, анын намаз окуу, жоолук салынуу же башка диний маселелерди айтууга укугу бар экенин эскерте кетейин. Себеби ушул эле берененин биринчи бөлүмүндө Ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга укуктуу, экинчисинде Ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу деп жазылган.

Бирөөнүн айткандарын аткарууга милдеттүү эмессиз! Конститутциянын 32 – беренесинде “Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ” жана “Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес деп жазылган. Тандоо өз колуңузда.

Айылдашыңыз кайра-кайра тынчыңызды алып, өз оюн таңуулап жатса жана анын иш-аракетин мыйзамсыз деп тапсаңыз, аймактык милицияга кабарлаңыз.

Бул шилтемелер сиз үчүн пайдалуу болот:

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт