// //

Насыя алып бизнес баштаса болобу? Жеке ишкер айтып берет

2019.12.27, 10:51
1741

"Бай Түшүм" Банкынан бизнес насыя алуу шарттары:

Валюта: сом / АКШ доллары;

Суммасы:  10 000 сомдон  100 млн. сомго чейин;

Пайыздык чени: сом менен жылдык 18%, АКШ доллары менен жылдык – 12%;

Насыялоо мөөнөтү: 3 айдан баштап, 5 жылга чейин;

Насыяны төлөө графиги: аннуитеттүү,  жекече.

Күрөөлүк камсыздандыруу:

  • Кыймылсыз мүлк;
  • аралаш (кыймылдуу + кыймылсыз мүлк);
  • 100 000 сомго чейинки насыялар боюнча бир адамдын кепилдиги алдында, же кыймылдуу мүлктүн күрөөсү алдында берүүгө болот;
  • 150 000 чейинки насыялар боюнча туруктуу кирешеси болгон эки адамдын кепилдиги алдында, же кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюп, туруктуу кирешеси болгон бир адамдын кепилдиги алдында берүүгө болот;
  • 200 000 сомго чейинки насыяны экинчи жолу алып жаткан кардарлар үчүн туруктуу кирешеси болгон эки адамдын кепилдиги алдында же кыймылдуу мүлк, туруктуу кирешеси болгон бир адамдын кепилдиги алдында берилиши мүмкүн.

Насыя алуучуга коюлуучу талаптар:

Жеке ишкердин, бизнес ээсинин жаш курагы: 18 жаштан 65 жашка чейин болушу керек;

Ишкерчилик тажрыйбасы: 3 айдан кем эмес жана 500 000 сомдон жогору насыя алуучулар үчүн: 6 айдан кем эмес болууга тийиш.

 Негизги документтердин тизмеси:

  • насыя алуучунун жана анын жубайынын, кепилдик берүүчүлөрдүн  (болгон учурда) паспортторунун көчүрмөлөрү;
  • күрөө берүүчүнүн жана анын жубайынын (эгерде күрөө берүүчү үчүнчү жак болсо) паспортторунун көчүрмөлөрү;
  • насыя алуучунун (жана күрөө берүүчүнүн, болгон учурда) үй-бүлөлүк абалы жөнүндөгү документтери;
  • каржылануучу тармактагы 3 айлык тажрыйбасын тастыктоочу башка да документтер;
  • бизнес боюнча баштапкы документтердин көчүрмөлөрү;
  • жеке ишкердин катталуусу  жөнүндөгү күбөлүк же патент;
  • күрөөгө сунуштала турган кыймылсыз мүлктүн укук берүүчү/укукту бекемдөөчү документтери (техникалык паспорту,  күрөө боюнча тыюу салынбагандыгы жөнүндөгү маалым кат);
  • күрөөгө сунуштала турган кыймылдуу  мүлктүн документтери (болгон учурда), күрөөгө сунуштала кыймылдуу  мүлктүн баяндамасы жана ТМЗ;
  • насыяны берүү жөнүндөгү чечимди чыгарууга керектүү болгон башка да документтер.

 Юридикалык жактар үчүн кошумча  документтер:

  • Юридикалык жактын катталуусу жөнүндөгү күбөлүк;
  • Устав, учредителдик келишим;
  • Бизнес план;
  • Мамлекеттик салык инспекциясынан  жана социалдык фондон карызы жок экендиги жөнүндөгү маалым кат;
  • Финансылык отчетуулук (Баланс, киреше жана чыгаша жөнүндөгү, акча каражатынын  жүгүртүүлөрү жөнүндөгү жана СК өзгөрүүлөр жөнүндөгү Отчет);
  • Өкүлчүлүктүү уюмдун юридикалык жактын түзүлгөндүгү, жетекчинин дайындалышы, насыя алгандыгы жана күрөө берилгендиги жөнүндөгү чечими;
  • Бизнес ээлеринин кепилдиги (51%дан кем эмес).
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт