// //

Аккаунтту кантип коргоо керек?

2018.10.30, 15:54
4595

Маалымат жана байланыш технологиялары боюнча эксперт Асомиддин Атоев аккаунтту кантип коргоо керектигин айтып берди.

  1. Аккаунт деген эмне?

Аккаунт - социалдык тармактагы жеке баракчага кирүү үчүн керек болгон логин (телефон же электрондук почта) жана сыр сөз.

Баракча ачууну чечсеңиз булар эсиңизде болсун:

  • Аккаунтту эмне үчүн түзүп жатасыз, жакшылап ойлонуңуз.
  • Чынчыл болуңуз, алдоонун кереги жок. Катталып жатканда туура маалыматтарды көрсөтүңүз (телефон, электрондук дарек, аты-жөнү ж.б).
  • Өзүңүздүн сүрөтүңүздү коюңуз.
  1. Коопсуз сыр сөз тандайбыз
  • Сыр сөз - 12-15 символдон кем эмес, тамгалар, сандар аралашкан, башкаларга белгисиз сөз.
  • Сыр сөздү бир жерге жазбай эсиңизге сактаңыз.
  • Белгилер канчалык көп жана узун болсо ошончолук жакшы.
  • Сыр сөздү үч айда бир алмаштырып туруңуз.
  • Бир канча аккаунтуңуз болсо ар бирине өзүнчө сыр сөз тандаңыз.
  • Баарын кантип эстеп калам деп кабатырлансаңыз,  “LastPass” программасын жүктөп алыңыз.

LastPass – бир канча сыр сөздү шифр түрүндө бир жерге сактаганга жардам берет.

  • Браузерден социалдык тармакка киргенде “сыр сөздү сактап кой” деген баннер чыгат. Компьютер жеке сиздики гана болсо сактаңыз, бирок, тобокелдикке барбай эле коюңуз.
  • Аккаунтуңузга бирөөнүн телефонунан же планшетинен кирсеңиз сөзсүз кайра чыгып коюууну эстен чыгарбаңыз.
  • Унутуп калуудан корксоңуз “инкогнито режимин” колдонуңуз. Мисалы, браузердин инструменттер панелинен муну басыңыз.

белгиси бар жаңы баракча ачылат. Режим кайсы сайттарга кирип жана кандай маалыматтарды көргөнүңүздү Google Chrome’до сакталып калышына жол бербейт

.

  1. Аккаунтту коргойбуз
  • Аккаунт түздүк. Эми ким менен дос болосуз, кандай топторго катталасыз алдын ала тактап алыңыз.
  • Бирөө достук жиберсе алгач эле сүрөтүнө көңүл буруңуз. Чын эле ошонун сүрөтүбү же жокпу images.google.ru издеп көрүңүз.

  • Жалпы досторуңуз барбы же жокпу көңүл буруңуз.
  • Кандай посттор менен бөлүштү, аккаунту качан түзүлгөн, кайсы тилде сүйлөп жатат өтө маанилүү.
  • Күмөнүңүз бар болсо спамга салыңыз.
  • Группаларга, оюндарга чакырууларды кабыл ала бербеңиз.
  • Аккаунттуңуздагы маалыматтарды “Настройки - Конфидециальность” деген жерден  жабык кылып коюңуз.
  • Аккаунтуңузга кирип жатканда экифакторлуу аутентификацияны колдонуңуз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт