Уреаплазманы дарыласа болобу? Уролог жооп берет
Саламатсызбы. Уреаплазма деген кандай оору? Аны дарыласа болобу?
Азат Бейшенов
Уролог
Саламатчылык. Ооба уреаплазманы дарыласа болот.
Уреаплазма – бул микроорганизмдер козгогон инфекциялык оору. Симптомдору хламидия жана микоплазмага окшош:
- ачышуу;
- заара кылганда бир аз ооруксунуу;
- түссүз бөлүнүүлөр (прозрачные выделения)
- ичтин төмөн жагынын оорушу.
Бирок, көпчүлүк учурда уреаплазманын симптомдору байкалбайт. Адам вирустун өзүнүн организминде бар экенин билбей жашап жүрө берет.
Бул вирус жалгыз болбойт. Адатта муну коштогон башка оорулар да болот. Мисалы: цистит, пиелонефрит, уретрит же тукумсуздук.
Уреаплазманы дарыласа болот. Бул хламидияга салыштырмалуу жеңил оору. Дарылоону анализдерди тапшыргандан кийин, анын жыйынтыктарынын негизинде дарыгер жазып берет.
Уреаплазма микроорганизми аныктамасы боюнча бактерия, вирус жана жөнөкөй паразит организмдердин ортосундагы инфекция. Ошондуктан антибактериалдык препараттардын жардамы менен дарыланат.
Антибиотиктердин өлчөмүн, жана канча күн иче турганын дарылаган врач өзү гана чечет. Анткени адамдын организми ар башка жана уреалпазманын да түрлөрү ар кандай болот.