// //

Мамилеге кантип чекит коюу керек: кызга кеңеш

2018.10.29, 12:12
4042

Мамилени токтотуу жөнүндө айтуу оңой эмес. Бирок, көпкө созуп жүрө берсеңиз өзүңүздү да, жигитиңизди да кыйнайсыз. Келиңиз, бул тууралуу кантип айтуу керектигин карап көрөлү.

  • Биринчиден, жигитиңиз эмне үчүн жакпай калды аныктап алыңыз. Себептери олуттуу болушу керек: ичет, баңги колдонот, кумар оюндарын ойнойт, жалкоо, агрессивдүү, кол көтөрөт ж.б. Мындай учурларда мамилени дароо токтотуңуз! 

  • Себептери башка болсо жакшылап ойлонуу керек. Мисалы, колуңузду 10 бала сурап жатса, тандасаңыз болот, эч ким жок болсо, жигит менен беш жолу жолуккандан кийин бир чечимге келиңиз. Көйнөгү, чач жасалгасы жакпаса, аны өзгөртүп коюу өз колуңузда.

Мамилени токтотууну чечсеңиз, капыстан жоголуп кетпеңиз: чалууларга жана SMSтерге жооп бербесеңиз, жигит принципиалдуу түрдө сизди багындырууга аракет кылат.

  • Жолугууну белгилеңиз. Кийин кек сактап калбасын десеңиз, мамилеге телефондон чекит койбоңуз. 
  • Себептерин ачык айтыңыз, жашырбаңыз. Ачууга алдырбай, токтоо болуңуз.

  • Жакшысы, мыкты жигит экенин айтып, артыкчылыктарын баса белгилеп, анан жөн гана дос боло алабыз деп түшүндүрүңүз.

Кымбаттуу кыздар, эгерде жигит ала качып кетсе, эч качан олтуруп калбагыла. Өзү кет дегидей кылып жоосунсуз жоруктарды жасап, сотко кайрылгыла. Алсыз эркек менен кылмышкерге тагдырыңарды бузууга жол бербегиле!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт