Мүлктү бөлгөндө күйөөм алган машине да бөлүнүүгө тиешелүүбү? Адвокаттын жообу
Саламатсызбы. Күйөөм менен ажырашканыма бир жыл болду. Учурда үч балага алимент төлөйт. ЗАГСты кыркытырууга арызды эми берем.
Биз ажырашкандан кийин автомашина сатып алды. Нике күбөлүгүн кыркылып, мүлк бөлүштүргөндө, аталаган автомашина да бөлүнүүгө жатабы?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин талаптарына ылайык, расмий түрдө ажырашып, нике кыркылганга чейин сатып алынган бардык мүлк, бирге тапкан мүлк болуп эсептелинет.
Бирок, күйөөңүз сатып алган автоунаа кимдин атына катталганын жана кандай келишимдин негизинде сатып алганын билүү керек. Ансыз, бул мүлк бөлүнүүгө жатат же жатпайт, деп так маалымат бере албайм.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.