Күйөөм менен эки жыл таарынышып жүрүп жараштык. Биздин нике бузулган жокпу?
2019.12.09, 15:15
1353
Саламатсызбы. Күйөөм экөөбүз 4 жыл бирге жашап, кийин ажырашып кеткенбиз. Арадан эки жыл өтүп, кайра жараштык. Бирге жашап жүргөнүбүзгө 7 ай болуп калды, боюмда бар. Сурайын дегеним, биздин нике бузулган жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.12.2019, 15:15
Кадыр Маликов
Теолог
Силердин никеңер бузулган. Демек, учурда никесиз, жөн эле бири-бириңер менен бирге жашап жаткан болуп саналасыңар. Анткени шариятта 4 айдан ашык эмес өз-өзүнчө жашаганга гана уруксат берилет.
Мисалы даватчылар даватка чыгып жатканда биз 2-4 ай кетүүгө уруксат беребиз. Анда да үй-бүлөсүнүн кем-карчысын толугу менен камсыздап, жумуштардын бардыгын бүтурүп койгондон кийин гана аялын, балдарын калтырып кетсе болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп