Баламды жакшы көрөм, бирок бир нерсени туура эмес кылса эле урушуп салам
Менин чоң балам биринчи жолдошуман. Экинчи ирет турмушка чыккам, баламды экөөбүз чогуу тарбиялап келебиз. Баламды жакшы көрөм, бирок бир нерсени туура эмес кылса эле жинденип, катуу урушуп салам. Кээде тескерисинче ага болушуп, жолдошум менен урушуп кетем.
Өзүмдү кантип токтотом. Чоңоюп калган балага кантип татыктуу тарбия берем?
Карлыгаш Акимкулова
Психолог
Билким, сиздин корккон бир нерсеңиз бар? Мисалы, балаңыздын биринчи жолдошуңузга окшош болуп калуусунан чоочулайсыз. Ошондуктан аны кечке уруша бересиз. Ошол эле учурда экинчи жолдошуңузга да сөз тийип, заарыңызды төгөт экенсиз.
Көйгөй өзүңүздө экенин түшүнүп турасыз да э? Балким эркектер менен мамиле кура албайсыз?
Өзүңүзгө суроо берсеңиз, кимге ачууланып жатам? – деп. Кенедей балаңызга эмес да. Анткени, балада эч күнөө жок экенин билесиз. Баланы урушкан болбойт! Ага тарбия берсеңиз болот, сүйлөшүп түшүндүрсөңүз болот, кучактаңыз, жыттаңыз, бетинен өбүңүз, бирок урушпаңыз, урбаңыз.
Эгер бала сизден жакшы сөз укпай чоңойсо кийин ачулуу, орой адам болуп калат, же тескерисинче, өзүнүн таламын талаша албаган алсыз, эрксиз инсан болот. Сиз андай болушун каалайбайсыз да, туурабы?
Көп учурда чоңдор өзүнө, тагдырына, башында үйүлүп турган көйгөйлөрүнө жини келет. Эмнегедир, ачуусунун балдарынан чыгарышат. Анткени бала сиздин алдыңарда алсыз, сизден көз каранды. Албетте, баланы урушуу оңой, ал сага жооп кайтара албайт.
Сиз ушинтип башка бир чоң киши менен уруштуңуз беле? Бирөө сизди таарынтса дароо жообун бердиңиз беле?
Ошондуктан баланы урушаардан мурун ойлонуп көрүңүз, балада күнөө барбы, деп.
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.