// //

Абысындардын баары эле аңдышкан жоо эмес экенин келин болгондо билдим

2019.12.06, 16:26
12679

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында адилеттүү кайын энеси тууралуу айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Тазагүл: кайын энем болбосо ит-мышыктай болуп жашамакпыз

- Ай, Тазагүл, кайдасыңар

- Оу, апа.

- Мына, бул сүттөн бир литр куюп ал.

- Тим эле койбот белеңиз.

- Куй, көп сүйлөбөй. Калганын тиги үч үйгө жеткирем.

Үйдүн кичүү келинимин. Жолдошум төрт уулдун кенжеси. Баш кошконубузга 3 жыл болду. Кайын энем, кайын атам жана бир абысыным бизден бир көчө кийин жашайт, эки абысыным мага кошуна.

Келгенден бери үч келиндин ынтымагына таң калып бүтпөй койдум. Кайын энем баарын тартипке үйрөтүптүр.

Ушул жерден өзүмдүн жеңелерим жөнүндө айта кетпесем болбойт. Эки байкем бар. Экөөнүн тең аялы бири-бирин көрө албай жамандап эле басып жүрүшөт. Бирөөсү конок тосуп калса, экинчиси  жардам бербейт, тескерисинче, барып сынап кетет. Аларды көрүп алып келиндердин баары ушундай болот го, деп ойлочумун. Жаңылыпмын.

Кайын энем төртөбүзгө тең бирдей мамиле кылат: байпак алса, төрттү алат, халат тиксе, төрттү тигет, кой сойсо, төрткө бөлөт. Мына, бүгүн баарыбызга бир литрден сүт таштап кетти.

Кайын энемди төгөрөгү төп келишкен деп мактабайм. Кемчиликтери толтура. Кээде ашыкча турмушубузга кийлигишип, тескеп жибермей жайы бар. Мындай учурда, бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутуп, эки жакты карап отуруп калабыз. Бирок, бул көпкө созулбайт.

Бир жума мурун жеңем аяштарын тосту. Кайын энем баш болуп калган үч келин таң эрте үйүнө бардык. Дасторкон даярдап, салат жасадык. Күйөөлөрүбүз казандын башында турду. Конокторду узатып, столдун үстүн жыйнап, идиштерин жууп, үйүн шыпырып коюп анан кеттик.

- Ай балдар, келиндер жетишпей жатат, тур конокторду тейлегиле.

- Азыр, апа. Беки сен колго суу куй. Мен чай сунайын.

- Баратам байке.

Кээде жетишпей жатсак, күйөөлөрүбүз унчукпай барып конокторду тейлеп, чай сунуп отурушат. Муну да кайын энем үйрөткөн.

Кечээ жолдошумдун туулган күнү болду. Төрт-беш досун үйгө чакырып коюптур. Конок келээрин уккан үч жеңем дароо жетип келди. Көп өтпөй кайын энем кошулду. Болгону төрт эле киши. Ошентсе да, тамак даярдашып, алар кеткенден кийин идиштерди жууп, үйдү тазалап коюп түндө жөнөштү. Үйгө конок келип кеткендей эмес. Таптаза.

Кокус бир жеңем сыркоолоп калса, балдарын кайын энем алып кетет. Калгандарыбыз барып кирлерин жууп, тамагын жасап беребиз. Кайын энем бизден ушуну талап кылат. Мен да ооруп калсам, балам каралбай калат, деп сары санаа болбойм. 

Келиндердин бирөө да жасаган ишине милдет кылбайт. Айтор, төртөөбүз бир туугандан айырмабыз жок. Эгер апабыз баарыбызга бирдей мамиле кылбаса, биздин деле арабыздан ынтымак кетмек беле? Менин жеңелериме окшоп ит-мышык болуп жашамакпыз да.

Төртөөбүзгө тең кайын энебиз менен чай ичип отурган жагат. Себеби, апабыздын тамашалары укмуш. Куудулдар бул жакта эле калат. Кээде манты жасап жейбиз, деп чогулуп алып кечке чейин сүйлөшүп, кыткылыктап күлүп отурабыз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

"Төрт балалуу аялды келин кылбайм" деп кайын энем мага жоолук салбай койгон

Кайын энем бир туруп бутум, бир туруп башым дей берип тажатты

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
06.12.2019, 17:02

Ынтымак бар , ырыс бар. Азаматсынар ушундай жакшы улгулуу уй- булоо тураалуу коп коп  чыгарсанар  башкаларга да  сабак болуш учун. Ылайым ар бирибизде сый ыйман болушсун!!!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт