// //

Салон ачып визажист болуп иштесем күнөө болобу?

2019.12.06, 13:02
1601

Саламатсызбы! Мен 17 жаштамын. Кичинемден визажист болууну кыялданчумун. атам салон ачып берем дечү. Бир жыл мурун визажистке окуп жатканда, үйгө атамдын динге берилген агасы конокко келип калды. Атам мени салонго окутуп жатканын айтканда, ачууланып "кызыңды андай жерге окутпа, күнөө болот, кызыңа гана эмес сага дагы",-деди. Атам окуумду толук бүтө электе чыгарып алды.  Башка кесипке анчалычык кызыга албайм. Азыр болсо дос кыздарымды бекерге боеп берем. Сурайын дегеним, эгер мен салон ачып иштетсем күнөө болобу?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.12.2019, 13:03

Кадыр Маликов

Теолог

Албетте, бул жерде эч кандай күнөө жок. Окууңузду бүтүрүп, аялдарды боеп иштесеңиз болот. Мунун жаман эч нерсеси жок. Кыялыңызга багыт алып, салон ачып иштей бериңиз. Бир гана жери, сиз эркектерди эмес, аялдарды тейлешиңиз керек. Жалпысынан айтсам, визажист болсоңуз, күнөөкөр болбойсуз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт