// //

Он тогуз жаштамын. Насыя алыш үчүн кандай документтерди чогултушум керек?

2019.12.04, 13:49
1409

Саламатсызбы! Мен кредитке 30 000 сом акча алайын дедим эле. Жашым он тогузда. Иштеген жеримен маалымкат жана паспортум бар, каттоом шаарда. Дагы  кандай документтер керек?

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.12.2019, 13:50

 Гүлдана Боромбаева

"Бай Түшүм" Банкынын универсалдуу башкы адиси

Саламатсызбы! Насыя алуу үчун керектүү документтер тизмесине токтоло кетсем:

Сизден:

  • Паспортуңуздун көчүрмөсү;
  • Киреше булагыңызды тастыктоочу документ;
  • Үй-бүлөлүү болсоңуз, жубайыңыздын паспортторунун жана нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.

Кепил берүүчүдөн:

  • Паспортунун көчүрмөсү;
  • Киреше булагын тастыктоочу документ;
  • Үй-бүлөлүү болсо, жубайынын паспортторунун жана нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.

Ишиңизге ийгилик!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт