19 жаштамын бирок көзүмдүн алдына бырыш түшүп кетти. Косметолог кеңеш берет
Салдаматсызбы. Мен 19 жаштамын. Өзүм арык, узун бойлуу кызмын. Бирок көзүмдүн алдына эмитен эле бырыш түшүп кетти. Эмне кылсам болот?
Асель Алымбаева
Косметолог
19 жашта эле бырыштын түшүшү өтө эрте. Көзүңүздүн көрүүсү жакшы элеби? Эгер сизде миопия бар болсо, алысты караганда көзүңүздү жүлжүйтүп карагандан бырыш түшүшү мүмкүн. Андай болсо окулистке барып текшерилиңиз.
Балким организмге суюктук жетишсиз. Суюктукту аз ичкенде биринчи кезекте тери жабыркайт, өтө кургак болуп, чоюлчактыгы (эластичность) төмөндөйт.
Дагы бир себеби, уйкуңуз канбайт. Ар бир адам күнүнө 8 сааттан кем эмес уктоого тийиш. Түнкүсүн тери жаңыланат, ал эми уйкудан калган учурда организм жаңыланууга жетишпейт.
Жогоруда айтылган фактыларга көңүл бөлүп көрүңүз.
Көздүн тегерегине бырыш түшкөндө териге кандай кам көрүү керек?
- Күнүнө эки маал көздүн тегерегин нымдандыруучу крем менен сүйкөгүлө. Үстүнкү сурманы ичтен сыртка карай, ал эми көздүн ылдый жагындагы териге сырттан ичин көздөй акырын массаж кылып, кремди жука катмар менен сүйкөгүлө.
- Жумасына 2-3 жолу көздүн тегерегине маска же патч койгула.
- Косметологго кайрылып, профессионалдуу процедура алыңыз. Алар: микротоктор, лазер, биоревитализация, пилинг.