// //

Кантип алименттин суммасын көбөйттүрөм?

2019.11.27, 15:06
3696

Кызыма алимент кестиргем. Сот тапкан кирешесинин төрттөн бир бөлүгүн берет деп чечим чыгарган. Жети жыл 2500 сомдон төлөп келген. Эки жылдан бери 1000 сомдон гана төлөп жатат. Себеби пенсияга чыгыптыр. Пенсиясы болжол менен 5, 6 мин сом экен.

Кантип алиментти көбөйттүрсөм болот? Ошентип пенсиясынан эле төлөп койсо болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.11.2019, 15:08

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы!

Алиментти тапкан же башка кирешесинин эсебинен төлөсө болот. Пенсияны сот аткаруучулар кошумча киреше катары эсептейт.  

Сиз сот аткаруучуга балаңыздын атасынын пенсиядан башка дагы кирешелерин тактап берүүнү өтүнүп кайрылыңыз.  Арызыңыздын негизинде сот аткаруучу киреше булактарын текшерүү иш-чараларын жургүзүү же жүргүзүүдөн баш тартуу боюнча жооп берүүсү керек. Эгер ал ишти териштирүүдөн баш тартса, жогорку баскычтагы сот аткаруучуга кайрылсаңыз болот.  

Андан сырткары, эмне себептен 1000 сом алимент төлөп калганын, кайсы берененин негизинде  иш алып барып жатканын сураңыз. Сот аткаруучу сизге жазуу түрүндө жооп берет.  

Ушул суроолорго жооп алгандан кийин гана сиздин маселени чечүү жолдорун карасаңыз болот.  

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт