// //

Чоң ийгиликтерге жетишкен адамдар эртең менен ушуларды жасашат

2018.10.24, 11:42
4081

Ийгиликке жетишкен адамдар эртең мененки убакытты “алтын учур” же “ийгиликтин ачкычы” деп атап коюшат экен. Себеби, түнкү уйкудан кийин биздин мээбиз тазаланып, тунук ой жүгүртүүгө даяр. Миллионерлердин көпчүлүгү эртең менен эрте ойгонуп, олуттуу иштерин күндүн биринчи жарымында бүтүрүп кое тургандыгын айтышкан. Байлардын эртең мененки адаттарын сиз да өз турмушуңарда колдонуп көрсөңөңөр болот.

  1. Эрте ойгонгула

Дүйнөдөгү миллионерлердин көбү таңкы алтыдан калбай ойгоно тургандыгын айтышат. Саатыңарды эртерээк убакытка коюп койгула да дароо туруп кеткенди үйрөнгүлө.

 

  1. Спорт менен машыккыла

Бир аз болсо дагы эртең менен физикалык көнүгүүлөрдү жасагыла. Спорт денени чымыр кылып, мээни керексиз ойлордон тазалайт. Натыйжада, маанайыңызды көтөрө турган эндорфиндер иштелип чыгат. Баарыбызга белгилүү болгондой жакшы маанай, жемиштүү иштегенге мыкты шарт түзөт.

  1. Сизге жаккан, дем күч берген же бир нерсе үйрөтө турган маалымат окугула

Өзүңүзгө жаккан, маанайыңызды көтөргөн китепти тандап алыңыз. Күнүнө бир-эки барактан болсо да окугула. Эгер аудио китептерди жактырсаңар, анда бир канчасын телефонго жүктөп алып башка жумуш, же спорт менен айкалаштырсаңыз болот.

  1. Жашооңузга койгон максаттарыңызды жазгыла

Алдыга койгон максаттарыңды кагазга жазуу, сиздин жашооңузга чоң таасирин тийгизет. Кадимки дептерге 10 чукул максатыңызды жазыңыз. Аларды жөн гана ойлонуп коюуу жетишсиз. Кагазга түшүрүлгөн максатты так аныктап, алыскы келечекке калтырбай, бүгүнкү күндөн тартып ишке ашыра баштаңыз. Бул сиздин эртең мененки салтыңызга айланат.

  1. Бүгүн жасала турган иштердин планын түзгүлө

Бул учурда да дептер, калем колдонуу зарыл. Негизги иштерди күндүн биринчи жарымына жазгыла. Кечкисин кыжалат болбой, тынч жүрөсүз. Өзүңүзгө болгон ишеним пайда болот. Күнүмдүк план түзүү кыйла иштерди бүтүрүүгө түрткү болуп жатканын дароо эле байкайсыңар.

  1. Ийгиликтериңиз тууралуу да жазгыла

Сизди кубандырган ийгиликтериңиз жана жетишкендиктериңизди да жазып, аларды улам ачып окуп туруңуз. Жашоодо кубана турган нерсе толтура. Мисалы, өлкөбүздө тынчтык бар, жата турган жерим бар, кие турган кийимим бар, иче турган тамагым, ден соолугум, атам, апам, балдарым, бир туугандарым, бутум, колум, ушул макаланы окуганга телефонум, компьютерим бар. Ошол да кубанычбы, бул эми турган иш да -десеңер деле болот. Бирок ушуларга да жетпей жүргөндөр дүйнөдө толтура.

  1. Сизге жаккан иштерди да жасагыла

Чын дилиңизден жасап, ырахат алчу жумушуңуз болсо керек. Мындай иштериңизди кылуу өтө зарыл болбосо деле бир күндө, жок дегенде жарым саат убактыңызды бөлгөнгө аракет кылгыла.

 

  1. Жакындырыңызга убакыт бөлүңүз

Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз, балдарыңыз менен да отуруп баарлашып, жылуу сүйлөшүүгө да убакыт бөлүңүз. Муну да планга киргизсеңер болот: күндө атам, апам менен баарлашам, кичинекей инимди, сиңдимди, карындашымды, балдарымды эркелетем, чогуу сабак даярдайбыз, китеп окуп берем же жөн эле кучакташып отурам. Жакындарыңыз сиздин таянар тооңор, бактыңар. Алар ар дайым эле силердин жаныңарда болбой турганын эстен чыгарбагыла.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт