// //

Күйөөм телефонун текшертпейт

2018.10.24, 10:38
4016

Саламатсыздарбы, менин суроомо жооп берип коюңузчу. Турмушка чыкканыма 3 ай болду. Боюмда бар. Бирок, күйөөм экөөбүз эч эле бири-бирибизди жакшы көрө албай койдук. Шашып баш кошуп алганбыз. Мен аракет жасап жатам, ал болсо башка аялдар менен мамиле курат. Телефонун мага карматпайт. Мүнөзү корс. Кеңеш берип коюңузчу. Ойлоно берип ооруп кала турган болдум.

Аны менен дос кызым тааныштырган. "Жакшы көрөм" деп эркелетпейт. Кээде урушуп, сөгүнүп калат, сөз кайтарбайм. Кечке телефон чукуп олтурса, ага болгон жылуу сезимимди кантип айтам?! Бекинип бирөөлөр менен жазышат. Ажырашкан, 3 балалуу аял менен мамилеси бар. Ким экендигин сурасам "ха, ха кылып, дос катары сүйлөшөм" дейт. "Жакшы көрөсүңбү" десем, "жок, көптөн берки таанышым, сени менен таанышам деди" деп койду. Күнү-түнү компьютер ойнойт, кээде ишке барбай коёт. Мага такыр көңүл бурбайт. Эмне кылам?

Бермет Уланова, гештальт-консультант:

Урматтуу айым, кайгыңызды түшүнүп турам. Күйөөңүз үй-бүлөлүү болгонун аңдай элек экен.  Жаңы ролуна жана жоопкерчилигине көнүп кетүүсү үчүн убакыт керек. Анын үстүнө, бири-бириңерди билбей туруп баш кошупсуңар. Эми күйөөңүздүн буга чейин билбеген тарабы менен таанышууңуз керек. Чыдамкай болуңуз. Жолдошуңуз демилгени колго алып, сезимдери жөнүндө айтпай жатканынан, сиз дагы унчукпай жүргөнүңүздү жазыпсыз. Экөөң тең минте берсеңер, кантип анан мамилелеңер оңолот.

Ачууланганда сүйлөбөйт экенсиз. Балким, бул аракетиңизди кайдыгерлик деп түшүнүп, каалаганын жасап жатат. Башкача айтканда, бакырат, сиз мамилеси жакпай турганын жана жагымсыз экенин айтпайсыз, ал адатын уланта берет. Эмне жагат жана эмне жакпайт экенин көрсөтүңүз. Башка аял менен болгон мамилесин токтотушун каалаганыңызды билдириңиз.

Телефону тууралуу сөз кылсак, ал анын жеке буюму. Сиз дагы телефонуңузду бербей коюуга укугуңуз бар. Боюңуздагы ымыркайды унутпаңыз, аман-эсен көз жарып алууну ойлонуңуз. Айткан кеңештеримди колдонуп, жыйынтыктары жөнүндө редакцияга жазыңыз. Сизге бакыт каалайм!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт