// //

EduMentor 10-11 класстын окуучуларын ментордук программага чакырат

2019.11.17, 10:10
1573

Кыргызстандын кесипкөй жаштары Edumentor - деп аталган ментордук долбоорун тартуулашат. Программанын максаты жогорку класстын окуучуларын жеке жана кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүү.

Долбоор окуучулар менен жаш кесипкөйлөрдү байланыштырган "one-to-one" башкы ментордук программасынын алкагынла өтөт. Анда окуучулар менен жаш кесипкөйлөр өнүгүү планын бирге түзүп чыгышат. Долбоордун жүрүшүндө менторлор катышуучулардын лидердик сапатын, сынчыл ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жардам беришет. Ошондой эле өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Менторлукка тажрыйбасы бар, ийгиликтүү, активдүү жаштар чакырылат. Иш-чара онлайн жана оффлайн жүрөт.

Катышуучулар төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ боло алышат:

- менторлор менен окуу жыл бүткөнчө иш алып бара алышат

- soft skills’ти өнүктүрөт

- ийгиликтүү адамдар менен таанышып, чөйрөсүн кеңейтет

- эл аралык жана дүйнөлүк окуу жайларга тапшырууга тажрыйба топтойт

- мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

“Биз улуу менторлордун тажрыйба жана билимин алып, өсүп келе жаткан муунга үйрөтүшүбүз керек деп эсептейбиз. Жаш, кесипкөй лидерлерди бириктирип, катышуучулардын мектеп курагы пайдалуу өтүшүнө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.

Долбоорго Кыргызстан боюнча 10-11- класттын демилгелүү, өзү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачкысы келген окуучулары катыша алышат. Биринчи турга уюштуруучулар 40 катышуучуну тандап алышат. Катышуу үчүн анкетаны толтуруу керек.
Ушул шилтеме аркылуу өтүп анкетаны толтуруңуз -
https://forms.gle/yxiiz4pbKquzpFmk8

Билдирүүлөрдү кабыл алуунун дедлайны – 20-ноябрь, 24:00го чейин.

Тандалган катышуучулардын атын-жөнү 27-ноябрда жарыяланат.

Менторлор менен иш алып баруу 2-декабрда башталат.

Уюштуруучулардын байланыш телефону: 996 703 70 7270,

Социалдык тармактардан да бизди тапсаңыз болот: Instagram/FB - @edumentor.kg

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт