// //

Виртуалдуу карталар тууралуу эмнелерди билүү керек? Адис айтып берет

2019.11.14, 14:01
1538

"Бай Түшүм" Банкынын төлөм карталар бөлүмүнүн башчысы Жаңыл Айыпова Visa debit Virtual картасы жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. 

1. Виртуалдуу карталар -  ыңгайлуу жана коопсуз жаңы муун карталары. 

2. Виртуалдуу төлөм карталарынын жардамы менен онлайн сатып алууларды, мисалы, Amazon, Aliexpress сыяктуу ири соода аянтчаларынан төлөм жүргүзүүгө болот.

3. Виртуалдуу карталар интернетте коопсуз төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн иштелип чыккан. Пластик эмес, өз ичине онлайн сатып алуулуар үчүн зарыл болгон банк картасынын реквизиттерин камтыйт. 

4. Негизги артыкчылыгы - тез даяр болот, күтүүнүн кереги жок. Мисалы, стандартуу пластикалык карталарды берүү жети жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн. 

5. Картага буйрутма берүү үчүн "Бай Түшүм" Банкынын жакынкы кеңселерине кайрылып, тиешелүү келишимге кол коюу керек. 

6. Кардарга картанын номери, жарактуулук мөөнөтү жана CVV-коду бөлүп-бөлүп жөнөтүлөт: бирөөсүн СМС аркылуу, экинчисин «BTB 24» мобилдик банкынан алалат.

7. Картаны берүү жана жылдык тейлөө акысыз. Экинчи жылга - 50 сом алынат. 

8. Виртуалдуу картанын жардамы менен дүйнөнүн каалаган бурчунда туруп алып онлайн сатып алууларды жүргүзүүгө болот, коопсуздукка кепилдик берилет. 

9. Интернет чөйрөсүндөгү товар жана кызматтарга болгон накталай эмес төлөмдөр үчүн комиссия алынбайт. 

10. Виртуалдык карталарды толуктоо үчүн "Бай Түшүм" Банкынын жакынкы кеңселерине кайрылуу керек. Картадагы каражаттарды мобилдинг банкинг аркылуу көзөмөлдөп турса болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт