// //

Күйөөм апасынан уруксат сурап анан көйнөк алып берет

2019.11.13, 16:03
3547

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул жаш келиндин баянында үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөр тууралуу айтылат. 

"Күйөөм мени такыр коргобойт"

Аябай кыйналдым. Кызымды алып төркүнүмө кетип калдым. Ажырашканы турабыз. Күйөөм мени такыр коргобойт.

Үйдүн жалгыз баласы, ата-энеси менен чогуу жашайбыз. Турмуш курганыбызга эки жыл болду. Мотурайган кызыбыз бар. Кайын энем бүт жакка кийлигише берет. Ишенбесеңер, бир окуяны айтып берейин.

Күйөөм бир жолу апасына айтпай, окуума акча берген. Эртеси кайдан экенин билбейм, айтоор кайын энем билип калып, ыйлап, ушундай ызы-чуу салган дейсиңер, төбө чачым тик туруп калган.

- Курбуларыма жолугуп келсем болобу?

- Билбейм, апам жөнөтсө бара бер.

- Көйнөк алсам болобу?

- Билбейм, апам макул болсо ала бер.

Күйөөм экөөбүздүн диалогубуз. Эч өзгөрүүсүз. Ар дайым бир түрдүү жооптор. Урушуп кетсек, баарын төкпөй-чачпай апасына айтып берет. Ортодо баягы эле мен жаман көрүнөм. Такыр коргобойт. Өзүмдү ушунчалык алсыз сезем.

Бир жолу дагы күйөөм менен чатакташып кеттик. Бир аздан кийин кайын энем кирип келип, “эмне үчүн балама катуу сүйлөп жатасың”,-деди. Жарылдым. Сабырым түгөндү. Айтышып кирдим.

Ата-энеси кары болсо бир жөн. Эми элүүгө чыгышты. Бизде бөлүнүп жашаганга толук шарт бар. Күйөөм макул болбойт. Ошондон улам ажырашууну туура деп көрдүм. Болгону кызым үчүн кабатыр болом.

Адис кеңеш берет

Мария Самсонова, психолог

Саламатсызбы! Силердин үй-бүлөңөр “жаш” экен, түз да, каймана да мааниде. Никеңерге эки жыл болуптур, окуп жатканыңарга караганда өзүңөр да жаш экенсиңер. Ажырашуу – бул жеңил чечим, бирок, толук кандуу үй-бүлөгө муктаж болгон ортоңордогу баланы эске алганда, оптималдуу эмес.

Сиз жана күйөөңүз чоңоюп, өзүңөрдү камсыздаганга, үй-бүлөлүк бюджетти жүргүзгөнгө, жеке көйгөйлөрүңөрдү чечкенге аракет кылышыңар керек. Жолдошуңуз апасынан сиздин окууңузга, көйнөгүңүзгө акча сураганына караганда, бутуна бекем тура элек окшойт.

Эгер ата-энеңерден каржы жактан көз каранды болсоңор, анда бул экөөңөр чече турган биринчи маселе. Мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, кимге көз каранды болсоңор, алар менен эсептешүүңөр керек.

Ата-эне менен чогуу жашоо, жаш үй-бүлөнүн абалын ого бетер курчутат. Ооба, өз-өзүнчө жашоо, туура чечим болмок. Бирок, азырынча мүмкүнчүлүк жок болсо, күйөөңүз менен сүйлөшүүгө аракет кылып көрүшүңүз керек: ортодогу маселени апасына айтуу менен кошумча чыр-чатакты пайда кылып жатканын айтыңыз.

Анын үстүнө, никеңер бала төрөлгөнүнө байланыштуу, биринчи үй-бүлөлүк кризисти башынан өткөрүп жатат. Бардык жубайлар бул учурда талаш-тартыш, пикир келиштестиктерге кептелип, бири-биринен алысташат. Бирок, мунун баары убактылуу экенин эстен чыгарбоо керек.

Бул мезгил аралыгында, "курч бурчтарды" максималдуу түрдө айланып өтүүгө аракет кылууңар абзел. Сезимиңер тууралуу айтып, бирок жеке чекке, жемелөөгө өтпөгүлө. Көбүрөөк эс алып, уйкуңарды кандыргыла.

Кичинекей бала жана окуу – оор жүк, өзүңүздүн психологиялык жана физикалык абалыңызга кам көрүңүз. Бул убакта чукул аракеттерди жасап, артка кайткыс чечимдерди кабыл албаңыз. Күчтөнүү үчүн өзүңүзгө жана үй-бүлөңүзгө убакыт бериңиз. Үй-бүлөлүк психологго кайрылсаңыз, кризистик абалдан чыгуу жеңил болот.

Психолог Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт