Кумарым канбай калганына эки жыл болду. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Кумарым канбай калганына эки жыл болду. Урологго барсам, простатит деп дарылады. Бирок, дагы деле жакшы болбодум. Эмне кылсам болот?
Болот Рысбаев
Уролог
Саламатсызбы! Сиз дагы бир ирет урологго көрүнүп, анализ тапшырып, толук изилдөөдөн өтүңүз абзел. Простатиттин түрлөрү көп. Сиз кайсы түрү менен ооруганыңызды билбей жана мурдагы анализ жыйынтыктарыңызды көрбөй туруп бир нерсе деп айта албайм. Эсиңизде болсун, простатит оорусу суук тийгенде, инфекция жугузганда пайда болот. Андыктан өздүк гигиенаны жакшылап сактаңыз. Убакытты өткөрүп жүрө бербей, бейтапканага барыңыз. Дарыгерлердин айткандарын толугу менен аткарсаңыз, сакайып кетесиз. Эч качан өз алдынча дарыланууга аракет кылбаңыз.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.