// //

Үй иштерин кайын энем жасайт, менин колуман КамАЗ айдаган эле келет

2019.11.11, 15:43
5351

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Чынын айтайын, “вообще” үй иштерине жокмун. Тамак жасасам боппоз болуп калат, баламды жуунтсам көзүнө самын киргизип алам, үй шыпырсам чаңыскытам. От жаксам күйбөйт, бирок, кийим үтүктөсөм күйөт. Айтоор, бул меники эмес.

Жүк ташуучу КамАЗ айдап иштейм. Жумушум өзүмө абдан жагат. Менин сүйгөнүм  - жол. Жай музыка коюп алып, Төө-Ашуудан өткөн мага ырахат тартуулайт. Жолдошум менен дал ушу ашуу тааныштырган.

Күйөөм да “дальнобойщик”. Азыр экөөбүз бир фирмада иштейбиз, кезектешип жолго чыгабыз.

Рулга бир жума отурбай калсам, кадимкидей стресс болом. Ачуум кармап, айланамдагы адамдарга себепсиз асыла берем. Муну кайын энем жакшы билет, “барагой, жол күтүп калды”,- деп жумушума жөнөтөт.

Баламды баккан, тамак жасаган, кир жууган алтындай болгон кайын энем. Үй иштерине жок экенимди түшүнөт. Урушпайт.  “Ар ким колунан келген ишти аткарышы керек”, - дейт. КамАЗымды оңдоп жатсам, “суусадың го, балам”, - деп жарма алып келип берет.

Күйөөм экөөбүз акча эле тапканыбыз болбосо, баарын кайын энем бүтүрөт. Үч жаштагы балабыз да бизге окшоп унаага жакын. КамАЗдан түшкүсү келбейт, түн киргиче ичине отуруп алып ойнойт.

Кээде кайын энем эс алсын деп, баламды өзүм менен жумушума алып кетем. Тоскоол болбойт. Жолдон көзүн албай кете берет.

Айылдын келиндерин тааныбайм. Себеби көп учурда жолдо болом, жакшылык-жамандыкка кайын энем өзү барат. Жоолук салынбайм. Салынган күндө деле жарашпайт. Өзүмө ыңгайлуу, эркекче кийинип жүрөм. Базарга барып өзү шым сатып алат деп ойлобогула, аны да кайын энем алып келип берет. Бут жана кийим өлчөмдөрүмдү жакшы билет.

Атам убагында айдоочу болчу. Машинага болгон кызыгуу атаман өткөнүн билем. Апам менин кызга окшоп чоңоюшумду каалаган. Атамдын жанында тетиктерди сүртүп отурсам, урушуп, “кыздар менен ойноп кел”,- деп көчөгө куучу.  А мен огородду айланып, кайра атамын жанына келчүмүн.

Апам, “колуңан эч нерсе келбейт, турмушка чыксаң кантесиң”, - деп кейип калчу. 

Кудайга шүгүр, түшүнүктүү кайын энеге туш болдум. Сүйүктүү жумушум менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берип, “келин деген мындай болуш керек” деген элдин сөзүнө кирбей, кандай болсом, ошондой кабыл алган кайын энеме ыраазымын. Баса, жакында кайын энемдин туулган күнү. Күйөөм экөөбүз кеңешип, Түркияга эс алууга жолдомо сатып алдык. Бул кайын энемдин кыялы. Сюрприз жасайлы деп жатабыз. Көп жашаңыз апа!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт