// //

3G менен 4G бири-биринен эмнеси айырмаланат?

2019.11.11, 14:20
1699

Баарыбыз эле 4G 3Gга караганда мыкты иштейт экенин билебиз. Бирок, "Эмне үчүн?" деген суроого жооп бере албайбыз. Бүгүн биз силерге бул экөөнүн айырмасын айтып беребиз. 

G - англис тилинин "generation" деген сөзүнөн кыскартылган, кыргызча "муун" деген маанини билдирет. 

3G (мобилдүү байланыштын үчүнчү муундагы технологиясы) - интернетке жогорку ылдамдыктагы мобилдик кирүүнү жана радиобайланышты бириктирген кызматтардын жыйындысы. 3G’нын маалыматтарды өткөрүү ылдамдыгы 3,6 Мбит/с. Бул сайттардын баракчасын жана сүрөттөрдү бат жүктөп, онлайн режимде видео көрүүгө  мүмкүндүк берет. 

Мобилдик интернетти 3G’га караганда ылдамыраак кылуу үчүн 4G жаратылган. 

4G (мобилдүү байланыштын төртүнчү муундагы технологиясы) - талаптары жогору болгон мобилдик байланыш мууну, буга маалыматтарды өткөрүү ылдамдыгы 1 Гбит/с технологиялар кирет. 4G’ны колдонгондо сайттардын баракчасы бат жүктөлөт, сапаты мыкты мобилдик видеолорду көрө аласыз жана оюн ойноп жатканда телефон катып калбайт. 

Телефон сатып алып жатканда 4G тармактарында иштей алабы же жокпу, жакшылап көңүл буруу керек. Себеби мындай смартфондор жогорку ылдамдыктагы мобилдүү интернет менен камсыз кыла алат.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт