// //

Күйөөм “баары эле ушинтип жашашат” - дей берет. Мага кеңеш бериңизчи?

2019.11.09, 12:40
1852

Турмуш курганыбызга 8 ай болду. Мен эрке болуп атамбы билбейм, айтор күйөөм мага көңүл бөлбөгөндөй сезиле берет. Өзүнө айтсам, “баары эле ушинтип жашашат, болдучу, уккум келбей калды, кайра баштадыңбы” – дей берет. Күйөөм жакшы, акылдуу киши. Мен болсо бардыгын ачык айтам. Ошентип атып күйөөмдүн көңүлүн калтырып албаймынбы? Кантип өзгөрүшүм керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.11.2019, 12:57

Асел Баимбетова

Психолог

Силерде бардыгы жакшы. Өзгөрүүнүн зарылчылыгы жок. Бирге түтүтүн булатып жатканыңарга болгону 8 ай болуптур. Учурда жаңычылдык эффектиси өтүп, күнүмдүк тиричиликке киришкен мезгил башталды. Экөөңөрдүн тең ролдоруңар өзгөрдү, кыз-жигит эмес, аялы-күйөөсү болдуңар. Жоопкерчилик өстү.

Бул күйөөңүз сизди мурункудан азыраак сүйүп калды деген сөз эмес. Жыл мезгили кыштан-жазга, жаздан-жайга өткөндөй, мамиле да улам жаңы деңгээлге көтөрүлүп, өзгөрүп турат. Акырындык менен бардыгы орду-ордуна келет. Башка адамдардан кызыгып сурап көрүңүз, алардын үй-бүлөсүндө кандай болгон.

Күйөөңүздү жакшы адам деп жатасыз. Аны менен сүйлөшүңүз, кайсы учурда бири-бириңерге көңүл бөлө аласыңар? Бирге болгондо убакытты кандай өткөргүңөр келет? Кандайча көңүл бөлүшүн каалайсыз жана күтөсүз?

Балким күйөөңуз да сизден бир нерсе күтүп жаткандыр? Анын пикирин да кызыгып сурап көрүңүз.

Экөөнөр тең чоң адамдарсыңар, демек бардык нерсени сүйлөшүп, макулдашып чечип алсаңар болот. Силер үй-бүлөлүк жашоону жаңыдан гана баштап келатасыңар, пайдубалын бекем түптөп алгыла.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт