// //

Жаңы алган келиним кемпирими беш килограммга арыктатты

2019.11.08, 13:26
9263

Куйруктан жасалган майлуу манты, чучугу менен бешбармак, картошкасынан эти көп куурдак, айтоор, бул тамактарды ойгонгондо эле жеп алып, келээри-кеч кекирип басып жүрчүмүн.

Кемпирим камыр тамактарды көп жасачу. Кечки тамакты саат ондордо ичип, дароо жатып алчубуз. Бутумдун боосун байлайганга колум жетчү эмес. Чоң курсагым тоскоол болчу. Мойнум көрүнбөй калган. Бышылдаган үнүмдөн келатканым алыстан эле угулчу. Жүрөгүм, ашказаным, буттарым ооруп бейтапканага жүз ирет жатып чыктым

Жалгыз уулумду үйлөдүм. Элден кем кылбай той берип, бата алдым. Келиним медик экен. Келгенде эле, “ата, сиздин жүрөгүңүздү текшертүү керек, оор дем алып жатасыз”, - деди. Кемпиримдин жытынан эле кант диабети бар экенин билип койду. Мыкты дарыгер окшойт.

Эртең менен ойгонсок, келиним эшикти шыпырып жүрүптүр. Тамак даяр болгонун айтып, чуркап барып чай койду. Жуунуп, столго отурдук. Эт жейм деп күтүп отурсам, столго үстүндө кожогаты бар каша, кайнатылган жумуртка, сыр, анан “свежий” салат койду. Тойбодук, бирок унчуккан жокпуз. Бергенин жеп алып жумушубузга жөнөдүк.

Билесиңерби, жолдо баратып өзүмдү ушунчалык жеңил сездим. Биринчи жолу эртең мененки тамактан кийин кекирбей, ынтыкбай, жел чыгарбай басып бараттым. Бул сезим мага жакты.

Саат алтыларда кечки тамакка отурдук. Келиним жашылча шорпо жасаптыр. Тамак ичип бүттүк. Уктаганга али эрте. Баарыбыз ары-бери кыймылдап жумушубузду кылып жүрдүк. Түндөсү онтобой жеңил уктадык. 

- Ата, келиңиз жүрөгүңүздү текшерип берейин.

- Макул кызым.

- Таак ...

- ...

- Ата, сиз диетага отурушуңуз керек. Убагында дарылабасак, олутту көйгөйлөр пайда болот. Эртеңден баштап өзүм жеңил тамак жасап берем. Анан, көбүрөөк жөө басканга аракет кылыңыз.

- Эми, макул.

Муздаткычта жашылча-жемиштер, сүт азыктары көбөйдү.

Диетага отурганыма бир ай болоюн деп калды. Бул аралыкта 10 килограмм ашыкча салмактан арылдым. Байпагымды өзүм кийип, ботинкамдын боосун байлаганга жарап калдым. Кемпирим беш килограмга арыктады. Ал "мойнум көрүнүп калды",- деп сүйүнүп басып жүрөт.

Ушул жашка келгенде гана туура тамактанганды үйрөндүм. Каап, ден соолугума мурунтан кам көрсөм болмок экен.Тааныштардын баары сулуу болуп калганымды айтып жатышат. 

Кечкисин тамак ичип бүтүп, кемпирим экөөбүз сейилдөөгө чыгабыз. Кошуналар кайда дешсе “ичкен тамагыбызды аш кылып жатабыз”,- деп коебуз.

Өмүрүбүздү узартып, туура жашаганга үйрөткөн келиниме ыраазымын. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт