// //

Атамдын өлүгүн сыртта калтырбаган кайын-журтума ыраазымын

2019.11.07, 18:15
10069

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Кичинемде кайда барбайын “Турарбектин кызы”,- деп баары көзүмдү карашчу. Ананчы, атамдын ээлеген кызматы чоң, акыркы маркадагы машина айдайт, заңгыраган үйдө жашайт, кыскасы айылда аны тааныбаган киши жок.

Союшка мал, айдоого солярка же карызга акча керек болгондор биздикине келишчү.

- Турар, сен жардам кылбасаң болбойт.

- Тиги карызды качан бересиң?

- Тоодон мал түшсө эле, сарала уйум менен кутулам.

- Сайра! Жокенге сураган сумасын алып чыгып берчи.

- Рахмат, рахмат, рахмат Турар.

Апамдын кийингенин көрсөңөр таң калмаксыңар. Атырын, туфлисин атайын чет мамлекеттен буйрутма кылып алдырчу. Бир кийген көйнөгүн экинчи жолу кийбечү. Кошуна аялдарга, туугандарга таркатып берип койчу. Кыскасы, бутубузду кенен сунуп жашачубуз.

Эмне болгонун билбейм. 11-класс элем. Атам менен апам ажырашты. Мени апам өзү менен алып кетти. Бир жылдан кийин атам эки баласы бар аялга үйлөнүп алды. Кээде апама айтпай атаман кабар алып турчумун. Акыркы күндөрү көп иччү болду.

- Ата, баары жакшыбы?

- Баары жакшы кызым.

Тиги аялынын атам менен иши жок. Качан барбайын үйдө эмес болот. Атамдын кирлерин жууп, тамагын жасап берип коюп кетчүмүн.

Бүтүрүү кечеме атам келген жок. Апам кызмат ордунан түшкөнүн айтты. Боорум ооруду. Апаман кабар алып келейин деп суранып, айылга жөнөдүм. Үйгө кирсем арактын жыты буркурайт. Атам эсин жоготуп полдо жатат. Төшөккө араң сүйрөп бардым. Аялы кетип калыптыр.

Турмушка чыктым. Бул арада апаман айрылдым. Атама мурункудай көп бара албай калдым. Угушум боюнча карыздары көбөйүп үйдү сатып жибериптир. Өзү батирге чыгыптыр. Телефон чалсам албайт. Акыры баламды күйөөмө таштап айылга жөнөдүм.

Убагында жанынан чыкпаган досторунун бирөөсү жок. Атам өзү алты бир тууган. Алардын да кайда экени билинбейт. Атам күн сайын иче берип катуу ооруп калыптыр. Дарыгерге алып бардым. Күнү аз калганын айтты.

- Алло, Майрам.

- Угуп жатам.

- Мен атаңдын батиринин “хозяйкасы”.

- Угуп жатам эже, батирдин акчасын бериш керекпи?

- Кайрат кыл, атаңан айрылып калдың.

- Эмне...

Жолдо баратып үзүлүптүр. Моргдо төрт күн жатыптыр. Дарыгерлер “өлүктү алып кеткиле”,- деп туугандарына чалса, баары баш тартып коюшуптур.

Кайын-журтум менен чогуу турам. Бул кабарды уккан кайын атам менен кайын энем, “жаназа биздикинде болот”,- деп дароо айтышты. Күйөөм өлүктү алып келгени кетти. Кайын энем боорсок жасап, кайын атам боз үй тигип жүрдү. А менин ыйдан колум бошобойт. Ошентип атамды жерге бердик.

Ыйлап отурсам кайын атам жаныма келип, “Кызым, көп кейибе. Жашоодо ар кандай учурлар боло берет. Атаңдын жакшылыгын билбегендер өз жазасын алат. Ыраматылык куданын, жаткан жери жайлуу болсун, бейшембилигин, кыркылыгын, жылдыгын баарын өзүбүз өткөрөбүз. Атаңды кантип сыртка таштап коймок элек. Көп кейибе кызым. Баары жакшы болот.”

Атамдын өлүгүн сыртта калтырбаган кайын-журтума абдан ыраазымын. Мен алардан бул нерсени күткөн эмесмин. Көрсө, жакшы адамдар бар экен. Бул жакшылыктарын өмүр бою унутпайм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт