Кызымды эмчектен чыгарып жаткам. Кандай кеңеш бересиз?
2019.11.06, 15:48
3139
Саламатсызбы. Кызымды эмчектен чыгарып жаткам. Кантип сүтүмдү азайтсам болот? Катуу ооруп жатат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.11.2019, 15:50
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Баланы эмчектен дароо чыгаруу ыңгайсыз, энени да баланы да стресске кабылтат. Ошондуктан эмчектен чыгарууну алдын ала пландап, эмизүүнү улам азайтып жүрүп- отуруп биротоло чыгарган туура. Анткени канчалык аз эмизсе, сүт ошончолук аз иштелип чыгат.
Негизги рекомендациялар төмөнкүдөй:
- Өзүңүз ичкен суусундукту азайткыла.
- Эмчегиңиз катуу болуп оорутса, улам сүтүн саап туруңуз. Бирок толугу менен бошотуп эмес, бир аз жумшарып калганча.
- Эмчекти таңуунун зарылчылыгы жок. Бул ооркусунууну ого бетер күчөтүп, сүттүн сүт каналдарына туруп калышына алып келет, анын аягы маститке себепкер болот.
- Эгер эмчегиңиз чыдатпай ооруса, кызарып кетсе, дене табыңыз кескин көтөрүлсө дароо доктурга кайрылыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп