// //

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

2019.11.06, 10:35
35481

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Бул ирет редакциябызга келип түшкөн жаш кыздын катын жарыялайбыз. Каармандардын аты өзгөртүлдү.

- Нуртилек элестетсең.

- Эмнени?

- Сен бир кызды сүйүп калдың дейли. Ага баш кошуу сунушун киргиздиң. Ал “макулмун, бирок апаңды апа дебейм” десе, эмне кылат элең?

- Дүйнөдө кыз калбай калса да, ага үйлөнмөк эмесмин. Кайын энесин “апа” дебеген неме жыргатмак беле.

- Бирок сен аны катуу сүйөсүң да.

- Баары бир аны жубайлыкка албайт болчумун.

- Ошондой де.

- Токточу, ал кыз сен эмеспи.

- Жок ай. Жүр тиги кафеге киребиз.

Мен жакында турмушка чыгам. Нуртилек аябай камкор жигит. Көңүлүмдү дал ушул сапаты менен бурган. Бир университетте окуйбуз. Экөөбүз тең быйыл бүтөбүз. Дипломду алсак эле, тойго камына баштайбыз.

Бизде баары сонун. Бирок, эми кандай десем экен, кыскасы, болочок кайын энемди “апа” дегим келбейт. Мени төрөп, түнү менен уктабай карап, оорусам санаа тартып убайымды тарткан апам бар. Эмне үчүн тааныбаган бир аялды “апа” дешим керек?

Нуртилекке бир нече жолу кыйытып айтып көрдүм. Апасын “апа” дебесем, менден баш тартчудай. Аны сүйөм, бирок бейтааныш аялды апа кылгым келбейт. Эмне кылсам болот? Тойду бузуп койсомбу?

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Кымбаттуум, мен сизди түшүнүп турам, башка бир аялды “апа” деп айтуу өтө кыйын. А жигитиңиз сиздин апаңызды кантип айтат? Бул нерсе көп элдердин салты болуп саналат, бирок бара-бара мындан алыстап жатышат. Ал үчүн, экөөңөр бири-бириңердин ата-энеңерди атынан жана атасынын атынан айтабыз деп келишип алышыңар керек.

Болочок күйөөңүз кайын энеңизди “апа” дешиңизди каалайт экен, демек, сүйлөшүү зарыл. Эгер ал нааразы болсо же таарынса, жашооңорду чыр-чатак менен баштагандан көрө, макул болуп кое берүү керек. А балким, кайын энеңизден минтип сурап көрөсүз: сизди дароо эле “апа” деп айтуу мага кыйын болуп жатат, алгач көнүп алайын, анан бара-бара айта баштасам болобу? Мүмкүн ал каршы чыкпайт.

Үй-бүлөлүк жашоодо көп учурда компромисске баруу керек болот. Бул жалгыз гана учур болбойт. Балким, кайын энеңизди өз апаңызды айткандай “апа” деп эмес, башкача, мисалы, “мама”, “мамочка” деп айтасыз. Варинаттар бар. Ошондой эле, күйөөңүз да сиздин апаңызды “апа” деп айтышын талап кылыңыз. Бул маселени ар бир түгөй жана үй-бүлө өзү чечиши керек. Сизге чыдамдуулук жана ийкемдүүлүк  каалайм.

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт