// //

Түркия: мигрант кыздын арманы

2018.10.19, 16:18
6508

Жамалдын Түркияга келип иштеп жүргөнүнө 10 жыл болду. Бутка турам деген ниетин ишке ашыра албай жүргөнүнө кейийт. Өз башынан өткөн окуясын баяндап берди.

Саламатсызбы! Түркияга кантип келип калдыңыз?

Атам менен апам кичинемде эле ажырашып кеткен. Ар кимдин колунда жүрүп чоңойдум. 18ге чыгайын деп калганда Түркияга кетип калдым. Бир четинен иштеп бутка тургум келди, экинчиден саякаттайм деген максатым бар болчу.

Азыркы учурда оор абалда экенсиз. Чоо – жайын айтып берсеңиз?

Жаңы келгенде бир айдай жакшы жүрдүм. Кудайга шүгүр, жумушум бар болчу. Кийин өзүмдөн улуу кыргыз, украинлык жана молдовалык кыздар менен таанышып, алардын чөйрөсүнө аралашып, бирге иштеп калдым. Күнүгө түнкү клубдарга барып эс алчубуз. Официанттар столубузга бекер ичимдик жана бир аз жер-жемиш коюп беришчү. Биздин максат - жасанып, клубка келген эркектерди алаксытуу. Таң атканда жанымдагы кыздар ар кайсы жигиттер менен кетишчү.

Сизди  “бул иште иштейсиң” деп ошол кыздар же клубдун кожоюндары мажбурлаштыбы?

Жок, өзүм тандадым. Мурунку иштеген жеримде акча аз төлөшчү. Кийин бир кемпирди бактым, жанымды кыйнагандан чарчадым. Бирок, туура эмес кылыпмын. Элестетиңиз, кылыктанып, назданып, эркекти сүйдүрчүбүз. Алар акча берип, тамак алып беришчү. Сойкулук эмес, кааласаң барасың, каалабасаң жок. Ошондо жаш экенмин (көзүнө жаш айланып), түз жүрсөм мындай абалда калбайт белем.

Эмне болгонун кененирээк айтып берсеңиз?

Ошентип жүрүп өзбек улутундагы жакшынакай бала менен тааныштым. Аны чындап эле сүйүп калдым. Экөөбүз 5 айдай сүйлөшүп, чогуу жашоону чечтик. Мамилеси абдан сонун болчу. Бир күнү башым айланып, өзүмдү башкача сездим. Жеке бейтапканага барып текшерилсем боюмда бар экен. Жигитиме кош бойлуу болуп калганымды айтсам, эч нерсе дебестен үйдөн чыгып кетти, ошол боюнча жоголду. Чалсам албайт, жазсам жооп бербейт. Курсактагы балам менен жалгыз калдым. Алдырайын десем акчам жок. Визам дагы бүтүп эшикке чыга албай калдым.

Мурунку кыздарга кайра аралаштым. Алар акча чыгарып төрөгөнгө жардам беришти. Ден-соолугума кайдыгер карап жүрө берипмин, төрөгөндөн кийин доктурлар толтура ооруларды таап чыгышты. Жашым өтүп калды, айла жок минтип баламды бакканга жана өзүмдү дарылаганга акча таап жүрөм.

Кыргызстанга кетейин деген оюңуз барбы?

Азыр мага акча керек. Ал жакта эмне жумуш кылмак элем. Ата-энем мени менен сүйлөшпөйт. Никесиз бала төрөгөнүмдү укканда, "келсең бизден жакшылык күтпө" дешкен.  Баламды чоңойтуп алсам, мүмкүн кайтып барам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт