Күйөөм алиментти төлөбөй жатат. Кимге кайрылсам болот?
Саламатсызбы? 2014-жылы күйөөмдөн үч балама алимент кырктыргам. Убагында төлөбөйт, үч айда 3500 сом салат. Негизинен 2014-2017 жылга чейин үч балага 3500 сом болгон, ал эми 2017-2018-жылы орточо айлык акы менен үч балага 5800 сом өндүрүлгөн. Ушул убакка чейин төлөгөн эмес, сот аткаруучуга барсам, төлөп жатканын айтты. Мурда алиментке көп маани берген эмесмин, азыр экинчи топтогу майып болгондо гана үч балама тапкан кирешем жетпей калды. Кимге кайрылсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Алименттин суммасын кайрадан эсептетүү керек экен. Сиз кайсы айларда, канча сом карызы бар экенин эсептеп бериңиз деп сот аткаруучуга арыз жазыңыз. Сот аткаруучу сизге жазуу түрүндө эсептеп береши керек. Ал эсепти алгандан кийин, кайра эле сот аткаруучуга, күйөөм карызды бербей жатат, эсеби мынча, мыйзамдуу чара көрүү боюнча, ишти күч органдарына өткөрүп бериңиз деп арыз жазасыз.
Эгер сот аткаруучу жумушун аткарбаса, анын үстүнөн сот аткаруучулардын жумушун караган соттук департаментке арыз менен кайрылсаңыз болот. Алар сот аткаруучунун кантип иштеп жатканы боюнча чара көрүшөт. Сот аткаруучу алиментти өндүрбөй жатканы боюнча жооп берет.