Жигитим тойдон кийин дароо ажырашабыз деп көңүлүмдү оорутту
Саламатсызбы. Ичимдеги бугумду силерге айтайын деп чечтим. Жигитим экөөбүз үч жыл сүйлөштүк, жакында үйлөнөбүз. Бүгүн урушуп кетсек той өткөрүп алалы, андан кийин ажырашабыз, деп адамдын көңүлүн оорутту. Экөөбүздүн мамилебиз азыртадан ушундай болуп жатса, кийин эмне болот. Аны ойлогондон корком.
Жакында туулган күнүм болмок. Ошого телефон алып берчи деп сурансам, азыр эмес, тойдон кийин алып берем, деп урушубуз ошондон чыкты.
Эмне кылышым керек? Кеңеш бериңизчи?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык!
Жигитиңиз той эртеси эле ажырашалы деп айтып жатса демек анын да сизден көңүлү калган өңдөнөт. Эмне үчүн ал сиздин жеке керектөөлөрүңөрдө дароо ишке ашырууга милдеттүү деп ойлоп жатасыз? Сиз кенедей бала эмессиз. Эс тартып калган, өзүнө-өзү кам көрө алган чоң кишисиз.
Сиз талап кылган белекти бербей коюга толук акысы бар. Бул нормалдуу көрүнүш. Кимдир бирөө менден бир нерсени белекке бер деп талап кылса, мен деле ойлонмокмун: ушул адам менен өмүр бою жашай аламынбы, деп. Эгер ал адам менин мүмкүнчүлүктөрүмдү, каалоомду эске албай туруп, жеке өзүнүн гана керектөөлөрүнө кам санап, ошолорду ишке ашыруусун талап кылса.
Мамиле бул эки тараптуу диалог. Бири-бирин сүйүү, угуу, түшунүүгө аракет кылуу.
Эгер элдин баары сиз каалаган нерселерди дароо орундатууга милдеттүү деген ой менен жашасаңыз, тилекке каршы жашоонузда көңүл калуулар өтө көп болот.
Ойлонуп көрүңүз.
Психолог Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.