// //

Бел суусу кеч түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

2019.10.18, 16:24
6029

Бел суунун кеч түшүүсү эркектер арасында кеңири таркаган көйгөй болуп саналат. Ошондой эле, бул дарт “эякуляциянын бузулушу” деп да айтылат. Мындайча айтканда, уругун түшүрүп, оргазмга жетүү үчүн эркекке көп убакыт талап кылынат. Бул тууралуу Bilesinbi.kg'ге уролог Болот Рысбаев айтып берди. 

Эякуляция – эркектин жыныс мүчөсүнөн сперманын бөлүнүп чыгуусу.

Көпчүлүк эркектердин маал-маалы менен бел суусу кеч түшүшү мүмкүн, бирок башкаларда бул өмүр бою кала турган маселеге айланат. Айталы, кээде оргазмга такыр жете албаган учурлар да кездешет.

Эякуляциянын кечигүүсүндө олуттуу медициналык коркунуч жок болсо да, ал стресстин булагы болуп, жыныстык жашоодо көйгөй жаратышы мүмкүн.

Кечиккен эякуляциянын белгилери:

  • Бел суусун түшүрүп, оргазмга жетүү үчүн эркекке отуз же андан көп мүнөт талап кылынат;
  • Оралдык стимуляция же мастурбация аркылуу гана бел суусун түшүрө алат.

Бел суунун кеч түшүү себептери:

  • тынчсыздануу жана депрессия;
  • мамиледеги түшүнбөстүктөр, уруш-талаштар;
  • өнөктөшү менен кыялындагыдай кумарга бата албай, көңүлү калуу;
  • дары-дармектер, химиялык заттар: антидепрессанттар, антипсихотиктер, спирт ичимдиктери ж.б;
  • психологиялык көйгөйлөр;
  • операция жана жараткаттар: жүлүн жана жамбаш нервдеринин жабыркашы, жүрөк оорулары, инфекциялар, тестостерондун төмөн болушу ж.б.

Бейтапканага баруу керек, эгерде:

  • Бел суунун кеч түшүүсү сизге жана өнөктөшүңүзгө көйгөй жаратса.
  • Ден соолугуңузда эякуляция менен байланышы бар башка маселелер бар болсо.
  • Ичип жаткан дарыларыңыз таасир берип жатат деп ойлосоңуз ж.б.

Өтүшүп кеткенде:

  • өнөктөштөр ортосунда сексуалдык каалоо жоголот;
  • стресс жана тынчсыздануу күчөйт;
  • канааттанбаган жыныстык катнаштан улам, мамиледе жарака пайда болот;
  • балалуу болуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт.

 

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт