// //

Сүйгөнүмө куда түшкөн жигит менен соттошуп жүрсөм, ал башкасына тийип кетиптир

2019.10.18, 14:08
2874

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Бул ирет редакциябызга келип түшкөн жаш жигиттин катын жарыялайбыз. Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Актан: күлгөнү дале эсимде

Карапайым үй-бүлөнүн уулумун. Шаардагы кафелердин биринде ашпозчу болуп иштейм.

Бир күнү мен иштеген кафеге үч кыз келди. Арасынан бирөөсүнө дароо көзүм түштү. Официант менен сүйлөшүп, аларды мен тейлемекчи болдум. Мен жактырган кыздын аты Айтурган экен. Телефонун алдым. Көп өтпөй ага ашык болуп калганымды түшүндүм. Сезимдеримди билдирсем жылмаюу менен кабыл алды. Ошентип, сүйүү издеп жүргөн жүрөгүм өз түгөйүн тапты.

Баш кошуу сунушун киргизсем макул болду. Атам Айтургандын үйүнө куда түшүп барып келди. Бирок, атасы күзгө чейин күтүп турушубузду сураныптыр. Ошентип, күркүрөгөн күздү чыдамсыздык менен күтүп калдык.

Айтурган экөөбүз эң бактылуу күндөрдү өткөрдүк, кыялдарыбыз менен кайда гана учуп барбадык.

Билесиңерби, кээ бир көз ирмемдердин түбөлүккө калчу даамы болот, жылдар өтсө да алар кече эле болгондой туюла берет. Дал ушундай көз ирмемдер менин жашоомдо орун алды. Айтургандын жылмаюсу, “сен тентексиң” деген сөзү дале эсимде.

Күткөн күзгө эки күн калганда тагдыр мени сынады. Айтурган чалып, чоң атасы менен чоң энеси башка бирөөгө турмушка берүүгө макулдашып койгонун айтып телефонду коюп койду. Адамдын сөзү канчалык кыска болсо, ошончо көп суроолор пайда болот экен. Оюма биринчи келген нерсе, ал жигитти таап, тойду бузууну сурануу болду.

Аскар деген Айтургандын айылдашы экен. Аны менен байланышып, Айтурганды сүйөөрүмдү айтып, далил катары чогуу түшкөн сүрөттөрүм бар дедим. Биринчи Айтурган менен сүйлөшүп көрүп, анан жообун берерин билдирди. Качан чалат деп  күтүп отурдум. 

Бир жумадан кийин Аскар чалып, “сага ишенбейм, Айтургандын көзүнчө тастыктап бер”,-деди. Макул болдум. Айтурганга болгон окуяны айтсам, мени менен чогуу бармакчы болду. Тилекке каршы, ал күнү бошой албай калды. Аскар экөөбүз жолугуштук, сүрөттөрүбүздү көрсөтүп, ватсаптан сүйлөшкөн үндүрүбүздү угуздум.

Аскар, “эртең Айтурганды алып келем, анын көзүнчө айтасың” деген боюнча кетти. Эртеси чалган жок. Өзүм байланышка чыктым. “Айтурганга үйлөнбөйм, сен ала бер",- деп трубканы басып койду.

Ал күнү жумушта болчумун. Кеч кирип калган. Администратор мени бирөөлөр эшикте чакырып жатканын айтты. Ким экен деп сыртка чыксам, Аскар атасы менен туруптур. “Эмне үчүн баламдын турмушун бузуп жатасың”,- деп атасы токмоктоп кирди. Аскар машинага салып, телефонумду талашып, сүрөттөрдү өчүрүшүмдү талап кылды. Блоктон чыгарып бер деди эле, макул болбой койдум. Машинадан сүйрөп чыгып, токмоктой баштады.

“Азыр Айтурганга барабыз, аны сүйбөйм, баары жалган болчу дейсиң”,-деп унаасына салып жөнөштү. Макул болбой, каршылык көрсөткөнүмө карашкан жок.

Айтургандын эшигин алдына келип токтодук. Мени ал жерден дагы сабашты. Иттердин үргөнүнөн Айтургандын атасы сыртка чыкты. Бизди көрүп бөлүштүрүп, тигилерди үйүнө кубалады.

Түн ортосу. Үйүмө канжалап кирип келдим. Ата-энем нес болуп калды. Тез жардам чакырып, милицияга арыз жаздым.

Аскар менен атасынын үстүнөн кылмыш иш козголду. Биринчи сот отуруму өтчү күн белгиленди. Күбө катары Айтурган менен атасы чакырылган. Эмнегедир кечигип жатышты. Айтурганга чалдым. "Мен бүгүн башка бирөөгө турмушка чыгып жатам, баралбайм",-деп телефонду басып койду. 

Сот күбөлөрдүн кайда экенин сурады. Укканымды айттым. Залда отурган бирөөнүн, “чуркагандыкы эмес, буйругандыкы деген ушу экен да”,- деп айтканы дале кулагымда жаңырып турат.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт