Күйөөмдүн 30 пайыз уругу өлүк экен. Бул нормалдуубу?
2019.10.18, 10:13
1325
Саламатсызбы! Бир жылдан бери балалуу боло албай жатабыз. Күйөөмдүн спермасын тапшырсак, 70 пайызы тирүү, 30 пайызы өлүк деп чыкты. Өлүк уруктары нормадан көппү?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.10.2019, 10:14
Болот Рысбаев
Уролог
Саламатсызбы! 70 пайызы түрү болсо, абдан жакшы. Мындан да аз пайыздар балалуу болуп жатышат. Силер да балалуу болосуңар. Эч эле болбой жатса, дагы толук изилдөөдөн өтүү керек.
Боюңузга бүтүшүнө таасир берген башка дагы факторлор көп. Себепсиз же иммунологиялык тукумсуздук деген бар. Силердики кайсы түрү экенин билүү керек. Ал үчүн атайын анализдерди тапшыруу зарыл.
0
Пайдалуу жооп