// //

Жолдошум көзүмө чөп салганын токтотпой жатат. Эмне кылам?

2019.10.17, 10:08
1192

Жолдошум менен баш кошконума 2 жыл болуп калды. Ошол күндөн ушул күнгө чейин менин көзүмө чөп салып келет. Буга чейин кыздарга жоолугаарын билген эмесмин, телефондон эле сүйлөшүп жүрчү. Канча айттым такыр эле токтолбой койду. Бир ай мурун башкага жоолукканын дагы билип калдым. Мага аябай катуу тийди. Ошондон бери төркүнүмдүкүндөмүн.

Кайтып барсам кайра эле кайталанабы же токтолобу? Кайра-кайра кечире берип өзүмдү эч ким сезбей калдым. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.10.2019, 10:15

Ширин Амантурова

Психолог

Саламатсызбы!

Жолдошуңуз эки жылдан бери көзүңүзгө чөп салып келсе, мүмкүн сиз тараптан жетишсиз көңүл, мээрим бөлүнүп жаткандыр. Экөөңүздөр ачык сүйлөшүп, конструктивдүү чечимге келгениңер жакшы. Мамиленин үстүнөн экөөңүздөр тең бирге иштеңиздер.

Төркүнүмө кетип калдым деп жатасыз. Бул ортодогу мамилени огош бетер терс жака курчутуп жиберет. Көйгөйдөн качып эмес, ортого салып чечиш керек. Ачык-айкын сүйлөшүңүз, жолдошуңуздун дагы оюн угуңуз.

Бири-бириңерди жакшы билесиңерби? Мамилеңерге эмне жетишпейт? Ушул суроолорго жооп издеп көргүлө. 

Өзүңүзгө хобби тапсаңыз, жакындарыңызга ичиңиздеги көйгөйлөрдү айтсаңыз жеңилдеп каласыз.

Эң башкысы ортодогу мамленин сууп кеткенинин себебин билип туруп, анан чечим чыгарыңыз. Жолдошуңуз менен ачык сүйлөшкөндөн коркпоңуз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт