// //

Азыркы аялдар “көпкөн катындарбы”? Психолог айтып берет

2019.10.17, 09:43
2183

Ушундай суроо менен Bilesinbi.kg психолог Мария Самсоновага кайрылды. Психологдун пикирин төмөндөн окусаңыз болот.

  • Мен көңүлгө, жылуу сөзгө, эркелетүүгө муктажмын! Күйөөм экөөбүз бири-бирибизди такыр түшүнбөйбүз. Ортобузда сезим жок. Күйөөм мага кайдыгер.
  • Сен жөн гана көпкөн катынсың! Ичпейби, урбайбы, күндө койнуңда жатабы, балдарыңды багып атабы? Дагы эмне жетишпейт сага!

Бул сөздөрдү жаш келиндерге улуу муундагы аялдар, курбулар, эже-сиңдилер, айтышат. Же болбосо, ички диалог болушу мүмкүн.

Мурунку союз мамлекеттеринде, никедеги аялдын эмоционалдык керектөөлөрүнө көп деле көңүл бурушчу эмес. Анткени, кара курсакты тойгузуу маселеси өтө курч турган кез. Андайда жан дүйнө, ички сезим эч кимди ойлондурбайт.

Тиричилик кылуу кыйын эле. Керээли кечке талаада иштейсиң, кечкисин мал-жаның болсо аны тейлеп, балдардын курсагын тойгузуу керек. Түнгө мал серп этип алган күйөөң келет. Томоллото бир чаппаса, демек жакшы. Ал эми урса, эч нерсе эмес. Чыдап кою керек. Башкалар андан да оор күндөрдү баштан кечирген. Көзүң көгала болсо эмне экен. Бардыгы ушинтип жашашат. Бул норма.

“Мен илгери, бала да төрөп, жумуш да иштеп, колго кир жууп, жер иштетип, бардыгын жетишчү элем. Азыркыдай “памперс” жок, кир жууган “машинкам” жок. А сен каяктагыны айтасың. Эркелетпейт – деп коет. Ырыскыңарды көтөро албай, көөп кеткенсиңер” – деп урушушат, апалар. ⠀

Бирок улуу муундагылар нормалдуу жашоо менен жакшы жашоону алмаштырып жатышат.

Күйөөңдүн ичпегени, урбаганы, үй-бүлөсүн бакканы – бул норма. Коомдун пикири боюнча ушундай болсо эле бүттү, аял чексиз бакытка бөлөнүп, андан башканы тилебей, самабай, унчукпай отуруп калышы керек. ⠀

Бүгүнкү күндө, НОРМАЛДУУ жашоо-тиричилик шартында аял менен эркектин ортосундагы нике эмоционалдык жана руханий керектөөлөрдүн негизинде гана куралат.

Ошондуктан никеде эмоционалдык керектөөлөрдү да канааттандырууга умтулуу абсолюттук түрдө нормалдуу каалоо. Эмоционалдык керектөөлөргө төмөнкүлөр кирет:

  • көңүл бөлүү;
  • кам көрүү;
  • колдоо көрсөтүү;
  • кучакташуу;
  • бирге эс алуу;
  • жеке убакытка, мейкиндикке ээ болуу;
  • достук мамиледе болуу;
  • өнөктөшүң менен жакын болуу;
  • жеке сезимдерин тууралуу ачык айтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу;
  • бири-бириңе жакшы мамиле кылуу;
  • бири-бириң менен убакты өткөрүүгө умтулуу;
  • бири-бириңди сыйлоо.

Азыркы муундагы аялдар мунун бардыгын керек экенин түшүнүп калышты. Жашоо тиричиликтеги керектөөлөрүңдү канааттандыруу менен чектелбейт, башкача мындан да жакшы жашоого умтулса болот. Бактылуу болуу мүмкүн экен. Никеде деле жылуулук, сүйүү, сезим, орун алат экендигине көздөрү жете баштады.

Нике бул жөн гана балалуу болуу, курсак тойгузуу, жыныстык катнашта болуу эмес. Андан башка да функциялары бар. Бирок эркектер жаңы нерселерди жана аларга коюлган жаңы талаптарды көп кабыл алгысы келбейт.

Биздин аялдар да мындай жашоодон тажашты. Учурда өздөрүнүн керектөөлөрү тууралуу ачык айта башташты. Элге уят болгондон коркуп, үй-бүлөсүн сактап, ур-тепкиге чыдап, жашап жүргөн келиндер салыштырмалуу азайды.

Ооба, биздин чоң энелдерибиз, апаларыбыз кыйын күндөрдү баштан кечиришти. Бирок заманбап аялдар өздөрүнө башкача мамиле жасалуусун талап кылганы көпкөндүк эмес. Бул коомдогу прогресс деп аталат.

Албетте, мындай өзгөрүштөр ажырашууларды көбөйткөндүгү өкүнүчтүү. Акыры бул процесстер коомдун үй-бүлөгө, аялга, эркекке, балдарга жана албетте сүйүүгө болгон көз карашындагы позитивдүү өзгөрүүлөргө алып келет, деп чын дилимен ишенгим келет.

Бактылуу болгула!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт