// //

Он айлык инимдин кулагынан ириң агып жатат. Эмне кылабыз?

2019.10.16, 10:29
1593

Он айлык инимдин кулагынан ириң агып жатат. Лорго 3-4 жолу алып бардык. Дарыларды жазып берет, бир нече убакыт токтойт лагы кайра агып баштайт. Кулагы укпай калбаса экен деп кыжаалат болуп жатабыз. Кеңеш бериңиздерчи.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.10.2019, 10:32

Таттыгүл Агыбаева

Лор

Саламатсыңбы!

Кулагынан ириң агып жатса тарсылдагы жарылды. Эгер тарсылдак кайра-кайра жарыла берсе өнөкөт болуп, ошол бойдон бүтөлбөй калат.

Мурдун да текшерүү керек. Мурун менен кулак бири-бири менен байланышып тургандыктан мурунда дагы көйгөй болушу ыктымал. Болбосо каны аз же иммунитети начар.

Канга анализ тапшырып гемоглабинин текшерип, төмөн болсо, гемоглабинди көтөрүүчү втаминдерди ичирүү керек. Кулагын эле текшерте бербей мурдун дагы караткыла.

Кулагына суу киргизбей, жуунтаарда дайыма кулагына кебез салып койгула.

Иниңиз кичинекей болгондуктан олуттуу мамиле кылып дарылаткыла.

Ден соолук каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт