Жигитим кол көтөрүп, түрмөгө каматам деп коркутуп жатат
Бир бала менен 3 жылдан бери сүйлөшөм. Экөөбүздүн мамилебизди анын да менин да үй-бүлөбүз билет. Өтө эле кызганчаак, жумушта да тынч иштетпейт. Акыркы күндөрү урушсак кол көтөрөт. Сүйлөшпөй коелу десем, мен сени сотко берем, түрмөгө каматам, үч жыл аралыгында сага кетирген акчамды, нервдеримди төлөп бересиң деп жатат. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңиздерчи.
Ширин Амантурова
Психолог
Саламатсызбы!
Үч жылдык убакыт бири-бириңерди толук билип калганга жетмек. Жигитиңиз башынан эле ушундай беле? Эмне себептен көп кызганып, сизге кол көтөруп, коркута баштады?
Жумушка чейин келип тынч иштетпесе, кол көтөрсө, мындай мамилесине эмнеге чыдап жүрүшүм керек? - деп өзүңүзгө суроо бериңиз.
Чындап сүйгөн адам сүйүктүүсүнө кылган жакшылыктарын жигитиңизге окшоп эсептебейт. Ошондой эле ага жакпай калсаңыз мамилени өзү биринчи токтотушу керек эле. Учурда жигитиңиз "манипуляция" жолуна өтүп алган.
Мамилеңер үй-бүлө курганга жетсе да, мындай көз караш менен очогуңардын түтүнү көпкө булабайт.
Жакшылап ойлонуңуз!