// //

Баш кошкондон кийин дароо балалуу болбосо күнөөбү?

2019.10.15, 16:22
2299

Ислам дининде жубайлар баш кошкондон кийин балалуу болбой жүрө берсе күнөө болобу? Учурда толук шарты жок үйдө турабыз. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.10.2019, 16:25

Кадыр Маликов

Теолог

Ислам дини баланы пландоого уруксат берет. Бирок, кудай ар бир баланы өз ырыскысы менен жөнөтөт деп ниет кылуу зарыл. Айтайын дегеним, баланы багуу үчүн бүт шарт болуш керек деп ойлогон туура эмес. Куранда, "Өз балаңарды өлтүрбөгүлө, ырыскы Алла тааладан" деп айтылган. Кудай ар бир адамга өз ырыскысын белгилеп койгон.

Ошентсе да, динибиз баарын катарынан төрөй бербей, эненин ден соолугун, үй-бүлөнү багуу үчүн атасынын жумушу болушун эске алуу менен баланы пландоого уруксат берген. 

Мисалы, силерде шарт жок болсо, күйөөңүз иштебесе, оор абалда турсаңар, жашай турган үйүңөр болбосо, дароо эле үйлөнгөндө балалуу болуш керек дебей, бир-эки жылга жылдырып пландап турса болот. Бирок, өтө созуунун да кереги жок. Дагы бир ирет айтам, ырыскыны кудай берет.

Жалпысынан, бала үчүн керектүү шарттар болуш керек деп балалуу болууну пландоо күнөө эмес. Бирок, созуп жана кудайдан гана үмүттөнүп отура бербей, жумуш таап иштеп, балага жакшы билим берүүгө, толук шартта чоңойтууга аракет кылуу керек.  

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт