Дагы бир жолу урсаң балага “отказной” жазасың, деп дооласам болобу?
Саламатсызбы. Мен күйөөм менен урушуп кеттим. Ортобузда бир бала бар. Азыр күйөөм кайра келип, кечирим сурап, жарашалы деп жатат.
Барайын деп чечтим, бирок шартым бар. Ал мага: экинчи урбайм, колум сага тийбейт, башка кыздар менен сүйлөшпөйм, сөзүмө турбасам баладан баш тартам, деп “расписка” жазып берсин. Кол койдуруп, шартты буза турган болсо, ошол кагаздын негизинде аталык укугунан ажыратсам болобу?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Колго жазылган “расписканын” эч кандай юридикалык күчү болбойт, бул жөн гана кагаз. Ошондуктан анын негизинде аталык укуктан ажыратуу мүмкүн эмес.
Кааласаңыз ата-энелдик укуктан баш тарткандыгы тууралуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн билдирме жаздырып алыңыз. Кийин сөзүнө турбай турган болсо, бул документтин жардамы менен ата-энелик укуктан сот аркылуу ажыратса болот.