Кайын энем жууган кирлеримди жыттаганын көрүп калдым
Той бүттү. Коноктор узады. Келиндик доор башталды.
Кирлер толуп кетиптир. Идиштерди жууп бүтүп кирге суу койдум. Жууп жайдым. Үйдөгү кир жуучу машина “полуавтомат” экен. Сууну төгүп келгени кеткем. Келсем, кайын энем кермедеги кирлерди жыттап жатыптыр. Унчуккан жокмун.
Эмнегедир ошол түнү уктай албай чыктым. Ой чиркин, эмне деген гана ойлор келбеди.
“Кыязы, апам таза жуудубу деп текшерди”, “Ушу, апама жууганым жаккан жок”, “Калып калган такты таап, мени урушайын деди”, “Мен жууган кирлерден жийиркенди көрүнөт” ж.б.
Таң атканча кайын энем тууралуу жаман ойлодум. Эртең менен болду. Чай койдум. Баары столго отурушту. Маанайым жок. Кайын энем, “кызым, баары жакшыбы”,- деп сурады. Баш ийкедим.
Кирлер кургап калыптыр. Чогултуп жатсам, кайын энем жаныма келип, “Балам кургаптырбы? Кечээ сен жууп бүткөндөн кийин, тиги кошуналар бир нерсесин түтөтүп өрттөп кирсе болобу. Чуркап барып, кирлерди жыттасам ыш болбоптур. Мээнетиңди текке кетирип кое жаздашты, өлүгүңдү көрөйүндөр”,-деп кобуранды. Көрсө, кеп ушунда турбайбы.
Кайын энем тууралуу жаман ойлогонум үчүн өзүмдү жек көрүп кеттим. Бир жагынан күлкүм келет. “Апа”,-деп чуркап барып кучактадым, кайын энем таң калды.
Бул окуя мага чоң сабак болду. Эгер мен ошол маалда жанына барып, “апа, кир калыптырбы”,-деп сурап койсом, эртең менен уйкум канып турмак, айыбы жок кайын энемди табалабайт элем. Кыскасы, жаман ойлоп жүрө бергенден көрө, жөн гана сураганды үйрөнүшүм керек экен.