// //

Кызым бир жигит менен сүйлөшө баштаптыр. Эми кантип тарбия бериш керек?

2019.10.14, 13:58
1170

Саламатсызбы. Өзүм жалгыз бой энемин. Кызым үйдүн улуусу? 14кө чыкты. Кызымдын бир жигит менен сүйлөшө баштаганын жакында эле билдим. Мүнөзү да өзгөрдү. Мурда шайыр болуп, сырын менден жашырчу эмес. Эми мүнөзү корс болуп өзгөрүп кетти. Кандай тарбия беришим керек? Жардам бериңизчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.10.2019, 13:58

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык!

Сиздин кызыңыз бой жетип, анын жеке жашоосу пайда боло баштады. Буга чейин сиз ал үчүн бүтүндөй дүйнө болсоңуз, эми кызыңыз башка адамдар менен жеке мамиле кура баштады. Ал жака сизди киргизүүгө шашылган жери жок. Бул нормалдуу көрүнүш.

Белгилүү бир убакытка чейин бала толугу менен ата-энесинен көз каранды болуп, бирок мезгилдин өтүшү менен, өз алдынчалыкка үйрөнүп, жеке жашоого, жеке мейкандикке, жеке мамилеге муктаж болот.  

Кызыңыздын өзгөргөнү, сырдашпай калганы мыйзам ченемдүү. Сиз канчалык күчкө салып, андан мурункудай болушун талап кылсаңыз, ал ошончолук өзүнө бекинип, ызырынып, ачуулана берет.

Азыркы тапта кызыңыз менен чоң, өзүңүзгө тең ата кишидей сүйлөшүп, мамиле курганды үйрөнүңүз. Бул убактылуу кризис. Сизге болгону бир аз сабырдуулук, жана чыдамкайлык керек.

Бала сизге бир нерсесин айтып берсе, жагымсыз маалымат болсо да сындабаңыз, урушпаңыз. Ар дайым аны колдоп, жардам бергенге даяр экениңизди билдириңиз. Өспүрүм балага ошол эле жетиштүү.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт