// //

Кистам бар болчу дарыланбай туруп боюма бүтүп калды. Эмне болот эми?

2019.10.14, 12:01
968

Cаламатсызбы. Менин кистам бар болчу. Аны дарылаган эмесмин. Азыр боюмда бар. Эмне болот эми?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.10.2019, 12:01

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Кисталардын түрү көп. Анын кайсы жерде жайгашканы, пайда болгонун канча убакыт болгону, дарылоого кандай реакция кылганы бардыгы маанилү. Эми эмне болот деген суроого жооп бере албайм. Себеби сиздин суроонузда маалымат өтө аз, ошондуктан кандайдыр бир кеңеш берүү оор.

Көпчүлүк аялдар чалдыккан, салыштырмалуу коопсуз делгени бул -  фоликулярдык кисталар. Кээде дарылабаса деле өзүнөн өзү жок болуп кетет.

Бирок ар кимдики ар кандай, кистаны дарылоо керек же жок экенин гинеколог айтып берет. Бардыгы индивидуалдуу.

Бир гана рекомендация, гинекологго көрүнүп, дарылангандан тышкары: оор көтөрбөңүз, ичиңизге күч келтирбеңиз, ысытуучу-жылытуучу (сауна, мончо, ысык сууга түшүү) процедуралардан  баш тартыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт