// //

Жыныстык катнаш канча убакытка созулушу керек?

2019.10.11, 17:09
5741

Жок, порно кинодогу эмес, кадимки адамдардын кадимки жашоосунда?

Башкалардыкы кандай болду экен, деген суроо оюңузга келди беле? Кызыгы, муну ачык да сурай албайсың.

  • Биринчиден, ар ким эле мындай суроого жооп берүүгө даяр эмес.
  • Экинчиден, чынын айтып жатканын биле албайсың.
  • Үчүнчүдөн, сизди акылынан айнып калган адам катары кабыл алышат.

АКШнин сексопатологдору атайын изилдөө жүргүзүшкөн экен. Илимий изилдөөнүн аталышы: “Нормалдуу жыныстык катнаш канча убакытка созулушу керек?”

Окумуштуулар миңдеген жуптарды сурамжылоого алышкан. Андан тышкары башка көйгөйлөрү менен кайрылган бейтаптар дагы изилдөөгө катышкан.

Көпчүлүк жуптардын жыныстык катнашы 3төн 7 мүнөткө чейин созулат. Тагыраак айтканда 5 мүнөт, 24 секунд. Бул убакыттын ичине, алдын ала кучакташып, эркелешүү да кирет, мындайча айтканда “прелюдия”.

Сексолог Барри Маккартинин айтканына караганда, жыныстык катнашы 12 мүнөткө чейин созулган түгөйлөр бар, бирок өтө аз.

Окумуштуу түгөйлөргө бир нече кеңешин берди:

  • Сексти “ичине киргизбеген” ыкма менен узартса болот, башкача айтканда бири-бирин кол менен стимул кылуу.
  • Кошулуу учурунда жуптар позаларын өзгөртүп, тыныгуу жасап, жана темпти бирде ылдамдатып, бирде жайлатуусу керек. Мунун бардыгы кумар алуу процессин узартат.
  • Жыныстык катнашта башкысы, эки жуп тең ырахат алышы керек. Ошондуктан, жактыбы, жаккан жокпу? - деп сурап туруу ашыктык болбойт. Ал эми секс канча мүнөткө созулат маанилүү эмес.

Баса, порнография тууралуу айта турган болсок, кинодогу секс реалдуу жашоого такыр коошпойт. Кинодон силер, монтаждалган бир нече дубльдерди бир көрөсүңөр. Алардын ортосунда актерлор тыныгуу алып, анан кайра ролдорун ойноого киришет.  

Маалымат goodhousekeeping.com сайтынан алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт