// //

Апам кеткенде кайын энем экөөбүз жыргайбыз

2019.10.11, 16:32
5911

Ата-энемдин жалгыз кызымын. Алар мени эч нерседен кем кылышкан жок. Бирок, кээде иним же сиңдим болушун каалайт элем. Куурчактарымды бир туугандарым кылып ойногонум дале эсимде.

Университетти бүтүп, турмушка чыктым. Талгат бир үйдүн кичүүсү. Кайын-журтум менен чогуу турабыз. Удаасы менен 3 бала төрөдүм. Канчалык кыйналганымды айтпай эле коеюн, жүдөө кебетемди көргөн адам дароо түшүнөт.

Балдарым таенесинен качып сестенип турушат. Себеби апамдын катуу талаптарына чыдай алышпайт.

Үчүнчү баламды төрөгөндө бир жумадай өз үйүмдө болдум. Буга чейин төркүлөп келчү эмесмин. Үйгө келсем бир аз эс аламго деп ойлогом. Андай болбоду. Ой чиркин, апам бир мүнөт жөн отургузган жок го. “Ай балдарың ызы-чуу салып жатат, тур!”, “Балаң уктап жатканда кирлериңди жууп кой, тур!”, “Балдарың үйдү дагы чачыптыр, тур!”, “Тамакты төгүп жеп кетишиптир, тур!”.

Бир жума араң чыдадым. Өз үйүмдө кысылып кеттим. Апам мени жалгыз өстүргөнгөбү, айтоор көпчүлүктү жактырбайт. Балдарды тыйып, “кой антпе” деп урушуп турат. Ал эми кайын энем, “үч балаң менен чарчадыңго, тамак жасабай эле кой, кирди эртең деле жууса болот”,- деп убайым тартып жүрөт.

Кайын энем ден соолугу начар. Көпкө баса албайт. Ошентсе да балдарга каралашып, аларды ойнотуп, сийип койсо шымдарын которуп коет. Үй чачылса эч нерсе дебейт. Балдарым тентек кылса, “бала да” деп унчукпайт.

Балдар түшкүсүн уктап калганда, “Гүкү, ташта аныңды, жүр бизде да уктап албасак, булар түндө кеч жатат”,-деп айтат. Анан экөөбүз төшөк салып жатып алабыз. Кээде кечкиге тамак жасаганга жетише албай калсам, күйөөмө чалып, “Гүкү бүгүн балдарыңдан чыга алган жок, ачка калгың келбесе, кечкиге бир нерсе ала кел!” – деп, телефонду коюп коет. Анан бири-бирибизди карап каткырып күлөбүз. Кайын энем кандай сонун киши!

Кайын-журтум, күйөөм шаарга апаңдарга барып кел десе да, бул жактан кетким келбейт. Шаарга барсам, апам дагы баягысын баштайт. Бирок, апам биздикине келип бир жумадай жашап кетет.

Келээр менен бул жакты да тейлей баштайт. “Ай, бул жагыңды тазалап койсоң боло!”, “Эмнеге жетишпейсиң”, “Кебетең кантет!”, “Балдарыңды таза жакка ойно десең боло!”, “Тур, уктап жата бересиңби!” ж.б. Кайын энем, “Гүкү, балдар менен жетише албай жатпайбы, мен кыла коеюн”,- деп тура калат.

Апам кеткенден кийин жыргайбыз. Жаман ойлоп кетпегиле. Эс алып дегеним: тамак ичкенден кийин идиштерди таштап сериал көрүп отуруп алабыз, үй чачылса деле жүрө беребиз, кирлерди үйүп коебуз, түштө уктап калабыз, эртең менен ондо турабыз ж.б.

Апамды абдан жакшы көрөм. Аны айыптабайм, ал болгону башка чөйрөдө өскөн. Жаман оюу жок, мени жакшы болсун деп турат. Бирок, кээде неберелерин эркелетип, майда-чүйдө нерселерге маани бербей, балдарымдын көз алдында чоң апасы сыяктуу мээрман эне болуп сакталып калышын каалайт элем. Мени ар дайым колдоп турган кайын энеме абдан ыраазымын.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
13.10.2019, 01:08

Эн сонун кайын энениз бар экен,бактылуу болунуз!Менин да эки кызым бар Жаратканым жакшы кайын журтту кут кылсын!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт