// //

Бул 4 сөз балаңыздын келечегин талкалайт

2018.10.15, 12:47
6717

Балаңыз сабактан төрт алып келди же мектептеги жарыштан экинчи орунга ээ болду. Ал эми сиз эмнегедир ыраазы болбой, “Жакшы, бирок тигинин баласы күн сайын беш алат экен” дедиңиз. Анда сиз - нарцисс – ата-энесиз!

Адатта мындай ата-энелер өз максаттарына жетүү үчүн баланы ар түрдүү жолдор менен манипуляциялайт. Алар балдарына боор ооруп, кайгысын тең бөлүшө албайт, бирок, эксплуатацияга алып, басынтканды жакшы билишет.

  1. “Аның мактанаарлык деле нерсе эмес, эгерде олимпиададан ийгиликке жетишсең башкача болмок...”

Нарцисс – ата-энелер баласын  келечекте юрист катары көрүп, анын таланттуу сүрөтчү экенин эске алышпайт. Ал ата-энесинин сүйүүсүнө татыктуу болгусу келип,  алардын каалаган образын түзө баштайт.

Баланын жетишкендиктери ата-энесине жакпаса, анда алар ошол замат  сындап, башкалар менен салыштырып, көрмөксөн болуп, аларга капа болгонун айта башташат.

Бала өзүн күнөөлүү сезип, кандай болсо да ата-энесине жагууга аракеттенет. Эң кызыгы, эгерде бала ата-эне койгон максатка жетсе, ага жаңы максат коюлуп, мурунку ийгиликтери жокко чыгарылат, башкача айтканда: “бул мактанаарлык нерсе эмес, эгерде олимпиададан ийгиликке жетишсең башкача болмок...”

  1. “Эмнелерди эле ойлоп чыгып жатасың! Андай болгон эмес”

Бул газлайтинг деп аталат - эмоционалдык зомбулук, манипулятор курмандыгына түзүлгөн кырдаалды кабыл алуусу туура эмес экенин айтат. Мунун негизги максаты – адамды өзүнө кем акыл кылып көрсөтүү.

Нарцисс – ата-эне көп учурда баланын сезимдерин сынга алат. Көпчүлүк учурда: “Өзүң күнөөлүүсүң”, “Сен баарын апыртасың”, "Мен эч качан антип айткан эме6смин",  “Мындай болгон эмес" жана башка ушул сыктуу сөздөрдү айтат. Натыйжада, бала өзүнөн-өзү күмөн санай баштайт, бойго жеткенде өзүнө жана абалга болгон кабылдоосуна ишенбей калат.

  1. “Апаңды ойлосоң боло! Ал муну укса...”

Ата-эне менен баланын ортосуцндагы ишенимдүү мамилеле балага туруктуулук жана коопсуздук сезимин берет. Ал эми нормалдуу эмес мамиле – чагымчылдыкка толгон. Нарцисс- ата-энелер үчүнчү тараптын пикири аркылуу өзүнүн айтканын далилдеп жана көзөмөл кылууну каалайт. Мындайча айтканда, манипулация аркылуу баланын туура эмес кылып жатканын айтып, өзүнөн жана сезимдеринен шек санатат. Мисалы, “чоң энең бул жоругуңду угуп, жаман болду”, “мындай кылганыңды көргөн атаң, сени бала кылбай коёт” жана башка.

  1. “Сен мындан да жакшы кыла алмаксың”

Нарцисс-ата-эне баласы кандай ийгиликтерди багынтпасын ыраазы болбойт. Башкаларга боору оорубайт, ага бир нерсе түшүндүрүүгө аракет кылуунун пайдасы жок. 

Ата-энең нарцисс болсо эмне кылуу керек?

Жаш балдар ата-энесине каршы чыга алышпайт. Өспүрүмдөр жана чоңдор абалды өзгөртүүгө аракет кылып көрсө болот, бирок, абдан кыйын экенин эске алуу керек.

  • Бойго жетип, өз алдынча жашоого мүмкүнчүлүк болсо, бөлүнүп кетиңиз.
  • Ата-энеңизден бөлүнүп кетүүгө азырынча шартыңыз жок болсо, алардын айткандарынын баарына ишене бербеңиз.
  • Газлайтингге жана сизди жокко чыгаруу аракеттерине мүмкүнчүлүк бербеңиз.
  • Талашып-тартышып, аларды ишендирүүгө убара болбой эле коюңуз.
  • Айткандарына макул болуп, кулак сыртанан өткөрүңүз.
  • Өзүңүздүн чек араңызга эч кимди өткөрбөңүз.

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт